Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-сентябры № 519
Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 токтомунун редакциясына ылайык)
Үзгүлтүксүз автобустук каттамдарда жана ошондой эле автоунаа транспортунда жүргүнчү ташууну уюштурууну жана тейлөөнү жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин тиркемеси бекитилсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |