Загрузка документа…
КР Өмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-сентябры № 523
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
1. 32-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи пункту "тандап алуу" деген сөздөрдөн кийин "өзгөртүү же жокко чыгаруу" деген сөздөр менен толукталсын;
2. 112-статьяда:
1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"(1) Андан ары зарылчылыгы болбой калган учурда, бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат же иштин жагдайына жараша андан катуурак же андан жеңилирээк чарага өзгөртүлөт. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын жүйөлүү токтому, соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлөт. Камакка кармоо бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү тергөөчүнүн же прокурордун өтүнүчүнүн негизинде, көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун макулдугу менен сот тарабынан гана жүргүзүлөт. Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу же өзгөртүү сот тарабынан же көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн, прокурордун токтому боюнча жүргүзүлөт.".
3-бөлүктө "амнистия актысын колдонуу" деген сөздөр алынып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 292-статьянын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик чыккынчылык, башкача айтканда шпиончулук кызматы, иши, окуусу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда адамга ишенилип берилген же ага белгилүү болгон мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды чет мамлекетке, эл аралык же чет өлкөлүк уюмга же алардын өкүлдөрүнө берүү, же болбосо Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна каршы багытталган, чет мамлекеттин, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдун же алардын өкүлдөрүнүн ишине финансылык, материалдык-техникалык, консультациялык же башка жардам көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан жасалса.".
2. 293-статьянын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар чет мамлекетке, эл аралык же чет өлкөлүк уюмга же алардын өкүлдөрүнө берилгенде, ошого тете берүү максатында чогултулганда, уурдалганда же сакталганда, ошондой эле чет өлкөлүк чалгындын же анын кызыкчылыктарында аракет кылган адамдын тапшырмасы боюнча башка маалыматтар Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна каршы пайдалануу үчүн берилгенде же чогултулганда, эгерде бул аракеттер чет өлкөлүк же жарандыгы жок адам тарабынан жасалса.".
3. Кодекстин бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик жашыруун сыр" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик сырлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 301-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик сырларды билген адам, мамлекеттик сырларды камтыган документтерди жана башка жашыруун маалымат булактарын, ошого тете, алар жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сырды түзгөн предметтерди колдонуунун белгиленген ченемдерин жана эрежелерин бузганда, эгерде бул байкабастыктан аларды жоготууга алып келсе.".
5. 302-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"302-статья. Мамлекеттик сырларды мыйзамсыз алуу
(1) Мамлекеттик сырларды камтыган документтерди, предметтерди уурдоо, мамлекеттик сырларды билген адамдарды, алардын жакындарын паралап сатып алуу жана коркутуу, байланыш каражаттарынан кармап калуу, техникалык, программалык жана башка каражаттарды пайдалануу аркылуу компьютердик тутумга же тармакка мыйзамсыз кирүү жолу менен, ошого тете башка мыйзамсыз ыкма менен мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды чогултуу, мында мамлекеттик чыккынчылык же шпиондуктун белгилери болбосо,
-
белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, мамлекеттик же коомдук уюмдарга мүлктүк ири зыян келтирсе, же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же ансыз беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-статья) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 61-статья күчүн жоготту деп табылсын.
2. 395-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"395-статья. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө
мыйзамдарды бузуу
1. Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу:
1) дин тутуу эркиндиги укугун ишке ашырууга, анын ичинде диний же башка ишенимдерди кабылдоого же алардан баш тартууга, диний бирикмеге кирүүгө же андан чыгууга тоскоолдук кылуу;
2) диний ишенимди карманууга же карманбоого, кудайга сыйынууга катышууга же катышпоого жана диний ырым-жырымдарды аткарууга, мечиттердин, чиркөөлөрдүн, синагогдордун, диний коомчулуктардын, борборлордун, топтордун жана уюмдардын же айрым жеке диний кызматкерлердин пайдасына жыйымдарды төлөөгө мажбурлоо, же кайсы бир динге, диний ишенимге таандыктуулугунун себептери боюнча адамдын жана жарандын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу;
3) жарандардын диний сезимдерин кордоо же алар ардактаган предметтерди, жеке сыйынуу белгилерин же диний символика эн тамгаларын кордоо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний иштер боюнча мамлекеттик органда каттоодон өткөрбөстөн диний ишти жүргүзүү;
5) эсептик катталуусуз диний билим берүү;
6) диний чогулуштарды, жүрүштөрдү жана башка сыйынуу жөрөлгөлөрүн уюштуруунун жана өткөрүүнүн мыйзамдарда белгиленген эрежелерин бузуу;
7) сыйынуу кызматкерлеринин жана диний бирикмелердин мүчөлөрү тарабынан атайын балдардын жана өспүрүмдөрдүн чогулуштарын, ошондой эле диний сыйынууга тиешеси жок эмгек, адабий жана башка ийримдерди уюштуруусу жана өткөрүүсү;
8) диний бирикменин анын уставында (жобосунда) аныкталган максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келген ишти жүргүзүүсү;
9) балдар мекемелеринин, окуу жайлардын аймагында диний үгүттөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүү;
10) саясий партиялардын ишине катышуу жана аларга финансылык жардам көрсөтүү;
11) бир динге ишенгендерди башка динге азгыруу (прозелитизм), ошондой эле ар кандай мыйзамсыз миссионердик иш -
жеке адамдарга элүүдөн жетимишке чейинки, юридикалык жактарга эки жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.
2. Жаш балдарды диний уюмга тартуу -
жеке адамдарга элүүдөн жетимишке чейинки, юридикалык жактарга эки жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.
3. Диний уюмдардын жана диний сыйынуу кызматкерлеринин мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кысым көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган аракеттери, -
жеке адамдарга элүүдөн жетимишке чейинки, юридикалык жактарга эки жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.
4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер, администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайра жасалса, -
жеке адамдарга жетимиштен жүзгө чейинки, юридикалык жактарга беш жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
3. 28-глава төмөнкү мазмундагы 395-1 жана 395-2-статьялары менен толукталсын:
"395-1-статья. Чет өлкөлүк диний уюмдар, чет өлкөлүк адамдар жана
жарандыгы жок адамдар тарабынан диний уюмдар
жөнүндө мыйзамдардын бузулушу
1. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрүнүн, филиалдарынын, миссияларынын, чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын эсептик катталуусуз дин иштерин жүргүзүшү, -
чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга, аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышка чыгаруу менен элүүдөн жетимишке чейинки, чет өлкөлүк диний уюмдарга, алардын өкүлчүлүктөрүнө, филиалдарына жана миссияларына эки жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.
2. Чет өлкөлүк диний уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрүнүн, филиалдарынын, миссияларынын, чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын өз ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузушу, -
чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга, аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышка чыгаруу менен элүүдөн жетимишке чейинки, юридикалык жактарга эки жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.
395-2-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте катталбаган диний уюмдардын ишин жетектөө
жана катышуу, ошондой эле аларды финансылоо
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталбаган, ага тете эле иши токтотулган же иштешине тыюу салынган диний уюмдардын ишин жетектөө, -
жетимиштен жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тархипте катталбаган, ага тете эле иши токтотулган же иштөөсүнө тыюу салынган диний уюмдардын ишине катышуу, -
элүүдөн жетимишке чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталбаган, ага тете эле иши токтотулган же иштөөсүнө тыюу салынган диний уюмдардын ишин финансылоо, -
жеке адамдарга элүүдөн жетимишке чейинки, кызмат адамдарына - жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки жана юридикалык жактарга төрт жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
4. 508-статьянын 1-бөлүгүндөгү "395" деген цифралар "395-2" деген цифраларга алмаштырылсын.
5. 513-статьянын 1-бөлүгүндөгү жана 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "1" деген цифра "1-бөлүктүн 5" деген сөзгө жана цифраларга алмаштырылсын.
6. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
үчүнчү абзац "393" цифраларынан кийин "395 - 395-2" цифралары менен толукталсын; жетинчи абзац "395" цифраларынан кийин "395-1 - 395-2" цифралары менен толукталсын;
отуз биринчи абзац "393" цифраларынан кийин "395 - 395-2" цифралары менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|