Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры № 528
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-беренеде:
- үчүнчү абзацы «депозиттерди коргоо системасына катышуучу» деген сөздөр «ушул Мыйзамга ылайык Банктардын реестрине кирген» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацында;
- «пайдаланылуучу» деген сөз «тандалган» деген сөзгө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацында «Депозит (аманат)» деген сөз «Аманат (депозит)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2. 4-беренеде:
2-бөлүгү «аманатчынын өтүнүчү боюнча» деген сөздөрдөн кийин «, эгер бул мөөнөтү кечиккен насыялар жана кепилдиктер боюнча талаштар же соттук териштирүүлөр жок болсо» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
«10. Мыйзамдуу өкүлдө банктагы аманат жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн жашы жете элек баланын же бенефициардын депозитин тескөөгө укуктуу болгон учурда, ордун толтуруу жашы жете элек балага же бенефициарга камкорчулук кылган мыйзамдуу өкүлгө төлөнөт.».
3. 5-беренеде:
- биринчи абзацында «Депозит (аманат)» деген сөз «Аманат (депозит)» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы «банкта жеңилдетилген шарттарда жайгаштырылган» деген сөздөр алып салынсын;
5-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 6-беренеде:
1-бөлүгүндө:
«15» деген санарип «10» деген санарипке алмаштырылсын;
«Улуттук банк менен макулдашылган,» деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгүндөгү «Улуттук банк менен макулдашуу боюнча» деген сөздөр алып салынсын.
5. 7-беренеде:
- 2-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарындагы «60» деген санарип «30» деген санарипке алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү «60» деген санарип «30» деген санарипке алмаштырылсын;
5-бөлүгүндөгү «Кепилденген учур келген күндөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен» деген сөздөр «Компенсацияны төлөө жол-жобосу башталуучу датага чейин жети күндөн кеч эмес» деген сөздөргө алмаштырылсын;:
9-бөлүгүндөгү «жана Улуттук банк менен макулдашылган» деген сөздөр алып салынсын;
10-бөлүгүндөгү «жана Агенттиктин Директорлор кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат» деген, жана «Улуттук банк менен алдын ала макулдашылган» деген сөздөр алып салынсын;
16-бөлүгүндөгү «30» деген санарип «15» деген санарипке алмаштырылсын.
6. 8-берененин 2-бөлүгүндөгү «Эгерде аманатчы анын талап кылуу укугунун Агенттикке өтүшү боюнча өзүнүн макул эместигин билдирсе, ошол учурларды кошпогондо,» жана «Эгерде аманатчы кепилденген сумманын чектериндеги анын банкка талап коюу укугунун Агенттикке өтүүсү боюнча өзүнүн макул эместигин билдирген учурда, ал ушул Мыйзамга ылайык компенсацияларды төлөп берүү укугунан ажыратылат.» деген сөздөр алып салынсын.
7. 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9, 10, 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:
«9) мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен эриш-аркак иштешет;
10) аманаттар боюнча ордун толтуруулар төлөнүшүн камсыздоо максатында банк-агентти тандайт;
11) ушул Мыйзамга ылайык жоюлуучу банктан Депозиттерди коргоо фондуна төлөнүүчү компенсациялардын төлөнүшүн камсыздайт;
12) коомдун депозиттерди коргоо системасы жөнүндө маалымдуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды жүргүзөт.».
8. 10-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5, 6, 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
«5) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу үчүн керектүү методикалык сунуштамаларды жана колдонмолорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
6) мамлекеттик органдардан, банктардан жана башка уюмдардан жана кызмат адамдарынан маалымдаманы жана маалыматты ушул Мыйзамга ылайык алууга;
7) Депозиттерди коргоо фондунун активдерин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана чектерде башкарууга;
8) банктын проблемаларын башталуу стадиясында жөнгө салуу жараянына жана Улуттук банктын убактылуу администрациясынын курамында банктарда аманаттар жөнүндө маалыматтарды жүргүзүүнүн, банктардын аманатчылардын алдындагы милдеттенмелеринин көлөмүнүн жана түзүмүнүн, Депозиттерди коргоо фондуна акыларды төлөөнүн, ошондой эле банктардын ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткаруусунун тийиштүү талаптарга ылайыктыгын аныктоо маселелери боюнча катышууга.»
9. 11-беренеде «ошондой эле жеке адамдарга» деген сөздөр «ушул Мыйзамда аныкталгандан башка учурларда» деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 13-беренеде:
1-бөлүгүнүн 1-пунктунда «экономикалык өнүктүрүү жана соода» деген сөздөр «экономика» деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин;
8-бөлүгүндө:
2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2) ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу үчүн керектүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу жана аларды Өкмөткө бекитүүгө берүү, ошондой эле Агенттиктин методикалык сунуштамаларын жана колдонмолорун бекитүү»:
10-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«10) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча Агенттиктин комплекстүү саясатын бекитүү;»; -
төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12 жана 13-пункттар менен толукталсын:
«11) тышкы аудит жүргүзүү үчүн көз каранды эмес аудитордук уюмду конкурстук негизде жыл сайын аныктоо жана Агенттиктин жүргүзгөн аудитинин жыйынтыктарын алуу;
12) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн Агенттиктин карыз каражат алышына макулдук берүү;
13) депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу боюнча Агенттиктин программасын бекитүү;
14) Агенттикти жана депозиттерди коргоо тутумун өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.».
11. 14-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Агенттиктин Аткаруучу директорун жана анын орун басарларын Кыргыз Республикасынын Президенти Агенттиктин Директорлор кеңешинин сунушу боюнча беш жыл мөөнөткө дайындайт. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары кызматка катары менен экиден ашык мөөнөткө дайындалышы мүмкүн эмес.
Аткаруучу директор Агенттиктин ишин күндөлүк жетектөө жана операциялык башкаруу үчүн жоопкерчиликте болот жана Директорлор кеңешине отчёт берет.»;
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакциядагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу боюнча Агенттиктин иш-чаралар планын бекитет.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«3. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары кызматтан төмөнкүдөй учурларда бошотулушат:
1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө;
2) өзүнүн арызы боюнча;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен аныкталган кылмыштуу иши үчүн;
4) мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен кызматтык милдеттерин аткарышы мүмкүн эместиги ырасталганда;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
6) ушул Мыйзамдын 18 жана 19-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келбесе же ал талаптарды аткарбаса (бузса).».
12. 18-беренеде:
1-3-бөлүктөрү, 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы. «Директорлор кеңешинин мүчөлөрү» деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөлөрдөгү аткаруучу директор жана анын орун басарлары» деген сөздөр менен толукталсын;
5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«5. Агенттиктин жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык жана башка жашыруун маалымдаманы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, банктык сырды камтыган маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Кызматтык жана башка жашыруун маалымдаманы, ошондой эле банктык сырды камтыган маалыматтарды мыйзамсыз ачыкка чыгарган же аларды жеке максатка пайдаланган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат».
13. 19-беренеде:
1 жана 2-бөлүктөрүндөгү «башка кызмат адамдары» деген сөздөр «жетекчилери жана кызматкерлери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-бөлүгүндө:
«Агенттикти түзгөнгө чейин» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Агенттиктин кызматкерлери, Агенттиктин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруучу башка адамдар кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда мамлекеттин коргоосунда болушат.
Агенттик керектүү чыгымдарды өзүнүн эсебинен төлөп же кызматкерлер тарткан чыгымдарды ордун толтуруу менен соттордо жана укук коргоочу органдарда өзүнүн кызматкерлерин укуктук коргоону камсыздоого милдеттүү.
Агенттиктин кызматкерлери, Агенттиктин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруучу башка адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин мыйзамдын чегинде аткарууда же мыйзамдуу тапшырманы аткарууда болгон чыгымдар үчүн эч кимдин алдында жарандык жоопкерчиликке дуушарланбайт. Алардын мыйзамсыз ишине байланыштуу дооматтар жана доолор Агенттикке карата гана коюлушу мүмкүн. Агенттик регресстик тартипте доолорду коюуга укуктуу.».
14. 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
6) кепилденген учур келген кездерде отчёттук маалыматтарды, маалымдаманы берүүгө, аманатчылар боюнча эсептик жазуулардан көчүрмөлөрдү берүү боюнча методикалык сунуштамалардын жана колдонмолордун талантарын аткарууга.».
15. 25-берененин 2-бөлүгүндө «айда ал депозиттерди коргоо системасынан чыгарылат» деген сөздөр «ага карата ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жоопкерчилик чаралары колдонулат, эгер мындай чаралар алты айдын- ичинде натыйжа бербесе Агенттик Улуттук банкка чара көрүү үчүн кайрылат.» деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 33-беренеде:
3-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы «жана башка сарптоолор» деген сөздөр материалдык- техникалык базаны жакшыртууга чыгымдар жана башка сарптоолор» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы «Фонддун максаттуу өлчөмүнүн жылына 2 пайызынын, ал эми андан кийин деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункту «каражаттарын» деген сөздөн кийин «финансылык жылдан мурдагы жыл үчүн» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4) Агенттик ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган булактардын эсебинен материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, негизги каражаттарын, материалдык эмес активдерин жаңылоо үчүн финансылык ресурстардын резервин түзө алат.».
17. 34-беренеде:
2-пункту «жабууга»' деген сөздөн кийин «жана Агенттиктин материалдык- техникалык базасын жакшыртууга» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
«4) ушул Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бош каражаттарды инвестициялоого.».
18. 36-берененин 3-бөлүгүндөгү «кепилденген учур келген» деген сөздөр алып салынсын.
19. 38-берененин 1-бөлүгүндөгү «тендерлик» деген сөз «конкурстук» деген сөзгө алмаштырылсын:
20. 41-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Агенттиктин жылдык отчёту Агенттиктин веб-сайтына отчёттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечикпей жайгаштырылат.».
21. 42-беренеде:
4-бөлүгүндө:
«13-19, 21-22, 30, 33 жана 40-беренелеринде саналган бардык окуялар (фактылар) тууралу» деген санариптер жана сөздөр «16, 21-22, 30 жана 40- беренелеринде» деген санариптерге жана сөздөргө алмаштырылсын.
6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) зарыл болсо банктардын финансылык абалы жөнүндө маалымат берүү тууралуу.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
«7. Улуттук банктын жана Агенттиктин өкүлдөрү ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча Улуттук банк менен Агенттиктин ортосунда маалымат алмашуу жана иш-аракеттерди координациялоо үчүн үч айда бир жолудан кем эмес жолугушуу өткөрүшөт.».
2-берене. 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
2. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
|
|