Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 530
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 2-ноябрындагы № 532 "Эл аралык практикада кабыл алынган эсепке алуу жана статистика системасына Кыргыз Республикасынын өтүшүнүн Мамлекеттик Программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 17-майындагы № 214 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 1995-жылга статистикалык иштеринин Программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-сентябрындагы № 376 "Эл аралык практикада кабыл алынган рынок экономикасын өнүктүрүүнүн талаптарына ылайык эсеп системасына жана статистикасына Кыргыз Республикасынын өтүшүнүн Мамлекеттик Программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 20-декабрындагы № 551 "1996-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-августундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын эл аралык практикада кабыл алынган, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-сентябрындагы № 376 токтому менен бекитилген Эсепке алуу жана статистика системасына өткөрүү боюнча мамлекеттик программасынын иш-чараларын министрликтер, административдик ведомстволор кантип ишке ашырып жатканы тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-ноябрындагы № 535 "1997-жылга статистикалык жумуштардын Программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 632 "1998-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 31-декабрындагы № 769 "1998-2000-жылдарга Кыргыз Республикасынын статистиканы реформалоонун Мамлекеттик максаттуу программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-декабрындагы № 840 "Статистикалык иштердин бир жылдык программасын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы № 685 "2000-жылга статистикалык иштердин Программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-ноябрындагы № 678 "2001-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-сентябрындагы № 520 "Статистикалык отчет системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик статистика органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-сентябрындагы № 583 "2002-жылдагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 7-августундагы № 536 "2003-жылдагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-декабрындагы № 781 "2004-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 18-декабрындагы № 944 "2005-жылдагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-октябрындагы № 476 "2006-жылга карата статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасында статистикалык маалымат системасын андан ары өнүктүрүүнүн 2006-2009-жылдарга карата мамлекеттик программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 809 "2007-жылга Кыргыз Республикасындагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 68-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-ноябрындагы № 536 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга статистикалык иштеринин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-октябрындагы № 600 "2009-жылга карата статистикалык иштердин планы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-октябрындагы № 613 "2010-жылга Кыргыз Республикасындагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 287 "2011-жылга Кыргыз Республикасында Статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-октябрындагы № 651 "2012-жылга Статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |