Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-ноябры № 588
Жумуш күнүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эки дем алыш күнү менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2013-жылдын 8-ноябрындагы жумуш күнү 2013-жылдын 16-ноябрындагы дем алыш күнүнө которулсун.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндүн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев |