Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын топторуна ТИПТҮҮ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
Типтүү квалификациялык талаптар "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык иштелип чыккан.
Типтүү квалификациялык талаптар муниципалдык кызмат орундардын реестрине жараша администрациялык муниципалдык кызмат орундардын топторуна белгиленет.
Типтүү квалификациялык талаптар билимдин деңгээлине, муниципалдык же мамлекеттик кызматтагы стажга, адистик боюнча иштеги стажга, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү кесиптик компетенцияларга карата белгиленет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары - ЖӨБО) ушул Администрациялык мамлекеттик кызмат орундардын тобуна типтүү квалификациялык талаптардын негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары - Кадр кызматы) менен макулдашуу боюнча алардын штаттык расписаниесинде каралган ар бир администрациялык муниципалдык кызмат орунга карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жана жетекчинин буйругу менен бекитүү сунушталат. Муниципалдык кызматтын органдарына квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана тоолорду Кадр кызматы менен макулдашуу боюнча киргизиши сунушталат.
Администрациялык муниципалдык кызмат орундарга квалификациялык талаптарды Типтүү квалификациялык талаптарга ылайык иштеп чыгуу жана аларга каршы келбөөсү сунушталат.
1. Негизги жоболор
Типтүү квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнүшөт.
Муниципалдык кызматтын муниципалдык кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүдөй талаптарды камтыйт:
1. билимге;
2. мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажга же адистик боюнча иштеги тажрыйбага;
3. кесиптик компетенцияга:
- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тийиштүү тармактагы мыйзамдарды билүү;
- мамлекеттик жана/же расмий тилди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү.
Билими бар экендиги белгиленген үлгүдөгү документ - аттестат, диплом менен, кошумча кесиптик билим - сертификат же диплом менен далилденет.
Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы иш стажысы жана/же адистик боюнча иш стажы эмгек китепчедеги жазуулардын же иштеген жерден маалым-каттын негизинде аныкталат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээли тестирлөө жүргүзүү жолу менен аныкталат.
Тилди билүүсү зарыл учурларда ЖӨБОнун суроосу боюнча тийиштүү документтер (диплом, сертификат ж.у.с.) менен ырасталат.
Муниципалдык кызматтагы администрациялык муниципалдык кызмат орундарга карата кошумча квалификациялык талаптар муниципалдык органдын жана конкреттүү кызмат орундун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди жакшыраак аткарууга мүмкүндүк берүүчү иш билгиликтин жана дасыккандыктын деңгээлиндеги адистик компетенцияларга талаптарды кошо камтыйт.
Иш билгиликтин жана дасыккандыктын деңгээли сүйлөшүүдө аныкталат. Сүйлөшүү үчүн суроолорду Кадр кызматы менен макулдашуу сунушталат.
2. Администрациялык муниципалдык кызмат орундарга квалификациялык талаптар
Жогорку топтогу администрациялык муниципалдык кызмат орундардын топторуна төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
- жогорку кесиптик билим, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө болушу абзел;
2. стажы жана иш тажрыйбасы:
- мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы беш жылдан кем эмес иш стаж же адистиги боюнча жети жылдан кем эмес иш стаж;
- жетекчилик кызматтагы беш жылдан кем эмес стаж.
3. Кесиптик компетенциясы:
Билими:
- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тийиштүү тармактагы мыйзамдарды;
- менеджменттин негиздерин;
- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүүсү.
Ыктуулугу:
- тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин өнүгүү программаларын ишке ашыруу;
- ишти натыйжалуу пландоо;
- тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;
- жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү.
Көндүмдөр:
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);
- эл алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана стратегиялык чечимдердин аткарылышынын сапатына жоопкерчилик тартуу, кабыл алынган чечимдердин кесепеттерине мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо;
- жогорку кызмат адамдарынын деңгээлинде байланыштар, натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.
Башкы топтун административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- мамлекеттик же муниципалдык кызматта үч жылдан кем эмес стажы, же адистиги боюнча беш жылдан кем эмес;
- жетекчилик иште (мүмкүн болсо) үч жылдан кем эмес тажрыйбасы.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кесиптик компетенциялар:
Билими:
- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү;
Ыктуулугу:
- тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин өнүгүү программаларын натыйжалуу тейлөө;
- ишти натыйжалуу пландоо;
- тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;
- жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү;
- кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү.
- Кабыл алынган чечим боюнча жоопкерчиликти өзүнө алуу.
Көндүмдөр:
- финансылык менеджмент жаатында;
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгууда;
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
- башкаруучулук иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктандыруу жана контролдоо);
- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
- компьютердик жана уюштуруу техникаларды, керектүү программалык продукттарды колдоно билүү.
Улук топтун административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалаган профилдеги жогорку кесиптик билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- Мамлекеттик же муниципалдык кызматта эки жылдан кем эмес стажы, же адистиги боюнча үч жылдан кем эмес;
3. Кесиптик компетенциялар:
Билими:
- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
Көндүмдөр:
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;
- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);
- аналитикалык документтерди талдоо;
- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
С-А категориясынын кызмат орундары үчүн кошумча:
- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;
- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү.
Ыктуулугу:
- тиешелүү тармактагы жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү;
- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
С-А категориясынын кызмат орундары үчүн кошумча:
- башкаруу ишине ыктуулугу (пландоо, уюштуруу, координациялоо, шыктантуу жана контролдоо);
- чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
- муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен каалагандай орто кесиптик билим.
М-Б категориялары үчүн муниципалдык кызмат орундарынын профили боюнча кайра даярдоодон өтүү менен орто билимге жол берилет.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциясы:
Төмөнкүлөрдү билүүсү:
- жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди.
Көндүмдөр:
- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
- жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;
- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
- командада иштөө.
Ыктуулук:
- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.