Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-октябры № 547
«Бишкек шаарында 2013-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатындагы операция-1) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2013-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатындагы операция-1) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатындагы операция-1) карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2013-жылдын 5-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Өнүктүрүү жаатындагы саясатты колдоо максатындагы операция-1) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
3-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти |
|