Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-октябры № 548
Суу пайдалануучулар ассоциациялары жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери алган мамлекеттик заёмдук каражаттарды кайтаруу менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чаралар жөнүндө
Айыл жергесиндеги жашоочуларды суу менен камсыз кылуу жана “Айылды суу менен жабдуу жана санитария”, “Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү”, “Айыл чарбасын региондордо өнүктүрүү” жана “Ички чарбалык сугат” долбоорлору боюнча эл аралык финансы институттары бөлүп берген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда рекредиттелген, Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери (мындан ары – ИСКАКБ) жана Суу пайдалануучулар ассоциациялары (мындан ары – СПА) тарабынан алынган кредиттердин кайтарылышын камсыздоо менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
-Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2002-жылдын 12-февралындагы № 3579-KG Кредиттик макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу "Айылдарды суу менен жабдуу жана санитария" долбоорун, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2002-жылдын 1-сентябрындагы № 1742-КGZ Кредиттик макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу “Калктуу конуштардын деңгээлинде инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү” долбоорун, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2000-жылдын 16-майындагы № 1726-КGZ Кредиттик макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу “Айыл чарбасын региондук өнүктүрүү” долбоорун, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2000-жылдын 29-июнундагы № 3369-КG Кредиттик макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу "Ички чарбалык сугат" долбоорун ишке ашыруунун алкагында кредит алышкан жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен төмөндөгүдөй шарттардагы кредиттик келишимдерди тариздешкен ИСКАКБ жана СПАнын карызын кайтаруунун шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизсин:
- кредит боюнча карызды кайтаруу мөөнөтүн 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартсын;
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап пайыздарды жана айыптарды кошуп эсептөөнү токтотсун;
- негизги сумма боюнча карыз 2017-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө толук жоюлса, кошуп эсептелген жана төлөнбөгөн пайыздар жана айыптар боюнча карыз төлөндү деп эсептелсин;
- негизги сумма боюнча карыздар 2023-жылдын 31-декабрына чейин толук жоюлса, кошуп эсептелген жана төлөнбөгөн пайыздар жана айыптар боюнча карыздардын суммасы 50 пайызга азайтылат.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлордун алкагында ИСКАКБ, СПА тарабынан алынган жана ушул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен кредиттик келишимдер таризделбеген акыркы суммаларды 2013-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө тактасын;
- аталган ИСКАКБ жана СПА менен 2014-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө кредиттик келишимдерди төмөндөгүдөй шарттарда түзсүн:
кредиттин төлөө мөөнөтү ар бир кварталдагы бир калыптагы төлөмдөр менен 2023-жылдын 31-декабрына чейин;
төлөөнүн ар бир кечиктирилген күнү үчүн кечиктирилген төлөмдүн суммасынан 0,01 пайыз айып төлөө;
- түзүлгөн келишимдерди 2014-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна кийинки көзөмөлдөөнү жана кайтарууну камсыз кылуу үчүн берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга:
- ИСКАКБ жана СПА тарабынан кредиттик келишимдерге кол коюуда аларга көмөк көрсөтсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлордун алкагында каржыланган ИСКАКБ жана СПА суу менен камсыз кылуу тутумдарын тиешелүү адистерди тартуу менен 2014-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө инвентаризациялоодон өткөрсүн, аларды реабилитациялоо жана ишке киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Эгерде ИСКАКБ жана СПА тарабынан карыз төлөнбөгөн учурда, ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги карыздын калдыгын мажбурлап төлөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-июнундагы № 478 “Эл аралык финансы институттары тарабынан бөлүнгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү рекредиттеген айрым кредиттерди кайтарып берүүнү камсыз кылуу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
|
|