Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-октябры № 551
“Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ушул мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер - министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене
“Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити 2009-жылдын 20-февралы, №13) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Ички аудит жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.“;
-2 жана 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Бул Мыйзам өзүнүн аракетин министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруучу бийликтин башка органдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо тутумунун органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана алардын ведомстволук уюмдарына жайылтат.”;
3. 3-беренеде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“3) ички аудитор – ушул Мыйзамга ылайык ички аудитти жүргүзүүчү, ички аудит кызматынын кызмат адамы;”;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“5) ички аудиттин объектилери – министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруучу бийликтин башка органдары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо тутумунун органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалар жана алардын ведомстволук уюмдары;”;
- 6-пунктта “ички аудит кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкарылышы үчүн” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудиттин адекваттуу иштешин ишке ашыруу жана камсыздоо, ички аудит боюнча отчеттуулукту пландоодо, жүргүзүүдө жана даярдоодо ички аудиторлордун көз карандысыздыгы үчүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктта “ички аудит объектисинин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмү, ал өз компетенциясынын чегинде ички аудит боюнча иш жүргүзөт” деген сөздөр “ушул Мыйзамга ылайык ички аудитти ишке ашыруучу ички аудит объектисинин түзүмдүк бөлүмү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 4-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“ 4-берене. Ички контролдоо тутумун түзүү
Ички контролдоо тутумун түзүү жана иштеши ички аудит объектисинин жетекчиси тарабынан төмөнкү максаттарда камсыздалат:
1) финансылык жана башкаруучулук маалыматтын тууралыгы жана бүтүндүгү;
2) ички аудит объектисинин ишинин натыйжалуулугу, үнөмдүүлүгү жана майнаптуулугу;
3) ички аудит объектисинин активдеринин сакталышы;
4) ченемдик укуктук актылардын сакталышы.”.
5. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“8-берене. Ички аудит боюнча кеңеш
1. Ички аудит тутумун натыйжалуу иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ички аудит боюнча кеңешти түзөт жана ал жөнүндө жобону бекитет.
Кеңештин ишин камсыздоо боюнча маселелерди кошкондо функциялары, ыйгарым укуктары жана башка маселелер жободо аныкталат.”.
6. 12-берененин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
“12-берене. Ички аудит объектилеринде ички аудит кызматтарын түзүү”.
7. 13-берененин 2-бөлүгүндө “органынын” деген сөз “объектисинин” деген сөз менен алмаштырылсын.
8. 14-беренеде:
- берененин аталышы “милдеттери” деген сөздөн кийин “жана укуктары” деген сөздөр менен толукталсын;
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Ички аудит кызматы төмөнкү негизги милдеттерге ээ:”;
1-пунктта “узак мөөнөттүк” деген сөз “стратегиялык” деген сөз менен алмаштырылсын; “ички аудит жүргүзүүнүн” деген сөздөрдөн мурда “тобокелдиктерди баалоонун негизинде” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
“2. Ички аудит кызматы аларга берилген мүмкүнчүлүктүн деңгээлине ылайык, жашыруун маалыматты кошкондо бардык маалыматтарга жана аудит жүргүзүү үчүн керектүү болгон, уюмдагы электрондук түрдөгү жазууларды кошкондо бардык жазууларга жетүүгө укуктуу.”.
9. 15-берене төмөнкү мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:
“6) ички жана тышкы баалоону кошуу менен сапатты камсыздоо программасын иштеп чыгат жана киргизет;
7) ар бир аудитордук тапшырманы аткаруу үчүн аудиттин максаттарын, камтылышын, мезгилдүүлүгүн жана ресурстарын аныктайт;
8) төмөнкүлөргө укуксуз:
- мыйзам менен каралган учурлардан тышкары, ишти жүргүзүү менен байланыштуу же иштин жүрүшүндө белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого жана бербөөгө;
- өз укуктарын аудит жүргүзгөн жактарга зыян келтирүү максатында пайдаланууга, ошондой эле өзүнүн ишин ишке ашырууда ушул укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга.”.
10. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“20-берене. Ички аудит кызматы жок ички аудит объектисинин жетекчисинин милдеттери
Ички аудит сырттан ишке ашырылган ички аудит кызматы жок ички аудит объектисинин жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ички аудитти өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
2) аракеттер планын бекитүүгө жана аудитордук отчетто каралган сунуштарды аткаруу боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алууга.”.
11. 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
“1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы ички аудит объектилеринде ички аудитти пландоо боюнча ички аудит кызматтарынын ишине кийлигишүүгө укуксуз.”.
2-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти |
|