Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-октябры № 552
“Чыңгыз Айтматов атындагы медаль” деген Кыргыз Республикасынын медалын белгилөө жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Эрматов, К.Иманалиев, К.Самаков тарабынан демилгеленген “Чыңгыз Айтматов атындагы медаль” деген Кыргыз Республикасынын медалын белгилөө жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-октябрындагы № 552 токтому менен жактырылган |
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Эрматов, К.Иманалиев, К.Самаков тарабынан демилгеленген "Чыңгыз Айтматов атындагы медаль” деген Кыргыз Республикасынын медалын белгилөө жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун карап чыгып, төмөндөгүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары аркылуу демилгеленген.
Сунушталган мыйзам долбоорлору "Чыңгыз Айтматов атындагы медаль" деген мамлекеттик сыйлыкты уюштуруу жолу менен Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу, анын мурастарын сактоо максатында даярдалган, бул медаль маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү эмгеги үчүн, маданий мурастарды иликтөөгө жана сактоого, ар кандай маданий жана диний салттарды тутунган улуттардын жана элдердин маданияттарын жакындатууга жана өз ара байытууга, тынчтыкты жана достукту бекемдөөгө, мамлекеттердин ортосундагы руханий байланышты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн сыйлоонун эң жогорку формасы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунушу боюнча 2012-жылдын 22-ноябрында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңеши "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү: интеграция жана маданияттардын байланышы" эл аралык конференциясы жөнүндө" жана КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу тууралуу токтом кабыл алган.
Ушул сыйлыкка татыктуу болгон адамдарга медаль, анын күбөлүгү жана 30,0 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат. Аталган мыйзам долбоорлорун киргизген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катына ылайык 30,0 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык КМШга катышкан мамлекеттердин Парламент аралык Ассамблеясынын бюджетинин эсебинен төлөнүп берилет.
Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын белгилөөнү караштырат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Долбоорлордун негиздеме-маалымкатына ылайык, бул мыйзам долбоорун кабыл алууга байланыштуу чыгымдар, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2013-жылдын 31-майындагы №13-2-1/5452 катына ылайык, мамлекеттик бюджеттен медалды жана анын күбөлүгүн даярдоого каражат каралат.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Чыңгыз Айтматов атындагы медаль” деген Кыргыз Республикасынын медалын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.
|
|
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ