Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6 - ноябрындагы № 723 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-октябры № 557
Кыргыз Республикасынын Финансылык программалоо модели жана аны пайдалануу боюнча колдонмо жөнүндө
Макроэкономикалык саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда аракеттерди координациялоону жана макулдаштыкты камсыздоо, координацияланган макроэкономикалык саясатты түзүү жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү чараларды аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык программалоо модели 1-тиркемеге ылайык (расмий тилде) макулдашылган макроэкономикалык саясатты иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун механизми катары кабыл алынсын.
2. Тиркелген расмий тилдеги: Кыргыз Республикасынын Финансылык программалоо моделин пайдалануу боюнча Колдонмо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду финансылык программалоо боюнча техникалык топтун алкагында:
- тейлеген багыттары боюнча макроэкономикалык саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда макулдаштыкты камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансылык программалоо моделин өз иштеринде колдонушсун;
- тиркелген расмий тилдеги программага ылайык жылдык финансылык программаны даярдоо боюнча иште маалымат алмашууну жүргүзүшсүн (3-тиркеме) ;
- Финансылык программалоо моделинин жыйынтыгын жана аналитикалык материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кароосуна берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
|
|