Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябры № 564
Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жөнүндө
Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, финансылык отчеттуулуктун сапатын жакшыртуу, чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин финансылык маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи төмөнкүлөр экендиги белгиленсин:
баалуу кагаздары фондулук биржанын листингине кирген эмитенттер; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банктар же башка финансылык-насыялык мекемелер; инвестициялык фонддор, камсыздандыруу компаниялары, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор (мындан ары – коомдук кызыкчылыктары бар субъекттер) үчүн - ФОЭС боюнча комитеттин фонду (Лондон шаары) тарабынан кабыл алынган Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары – ФОЭС);
коомдук кызыкчылыктын субъекттеринен бөлөк чакан жана орто ишкердиктин субъекттери, бюджеттик мекемелер, ошондой эле финансылоонун исламдык принциптерин колдонгон финансылык институттар үчүн - ФОЭС боюнча комитеттин фонду (Лондон шаары) тарабынан кабыл алынган чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары - ЧОИ үчүн ФОЭС).
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ЧОИ үчүн ФОЭСтин экономикалык багыттары боюнча жогорку жана орто кесиптик билим берүүнү киргизсин;
бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктери боюнча жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн окуу пландарын ЧОИ үчүн ФОЭС менен толуктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-сентябрындагы № 593 “Кыргыз Республикасындагы финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-3, 5 жана 7-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |