Загрузка документа…
| КӨҢҮЛ БУРУНУЗ Убактылуу жобо 2014-жылдын 31-мартына чейин колдонулат |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 602 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруунун тартибин, ошондой эле аталган чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын компетенциясын аныктайт.
2. Ушул Убактылуу жобонун максаты үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
укук коргоо органдары - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - КР ИИМ), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - КР БКМК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЖАМК);
укук коргоо органдарынын кызматкерлери - ички иштер органдарынын кызматкерлери, баңгизаттарды контролдоо боюнча органдардын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер);
улуттук контингент - укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтык орнотуучу күчтөрдүн полиция компонентинин курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тобу;
жарандык полиция - укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтык орнотуучу күчтөрдүн полиция компонентинин курамына жиберилүүчү, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоо боюнча жергиликтүү полиция күчтөрүнө жардам көрсөтүүчү милиция персоналынын ичиндеги Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкери;
алдын ала тандоо жана тандоо - укук коргоо органдарынын ичиндеги өздөрүнүн моралдык-иштиктүү сапаты, ден соолугунун абалы жана даярдыгынын деңгээли боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ), региондук эл аралык уюмдардын (мындан ары - эл аралык уюмдар) койгон талаптарына ылайык келген кызматкерлерди аныктоо максатында мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш - чаралардын комплекси;
окутуу - жарандык полицияга зарыл болгон билимге, көндүмдөргө жана жөндөмдөргө ээ болууга жана аларды жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
медициналык күбөлөндүрүү - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууга кызматкерлердин ден соолугунун абалынын жарамдуулугун аныктоо максатында белгиленген тартипте мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын комплекси.
3. Кызматкерлер тынчтыкты орнотуу миссияларына Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, ушул убактылуу жобого ылайык катышат.
4. Тынчтыкты орнотуу миссияларына кызматкерлердин катышуусун камсыздоо боюнча ИИМдин ишинин негизги багыттары:
- талапкерлерди тандоо жана даярдоо;
- аларды тынчтыкты орнотуу миссияларына жөнөтүүнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын контингентинин ишин талдоо жана баалоо;
- тынчтыкты орнотуу миссияларына катышууну ченемдик укуктук камсыздоо;
- тынчтыкты орнотуу операцияларынын катышуучуларынын резервин түзүү.
5. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн жарандык полиция катары жөнөтүлүүчү кызматкерлерди даярдоо өзүнө алдын ала тандоону өткөрүү, окутуу жана медициналык күбөлөндүрүү боюнча иш-чараларды камтыйт.
6. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке жарандык полиция катары катышууга каалоосун билдирген кызматкерлерди алдын ала тандоо, ошондой эле аларды атайын даярдоо тиешелүү укук коргоо органдарынын кадрдык бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.
7. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке жарандык полиция катары катышууга каалоосун билдирген кызматкерлер (мындан ары - талапкерлер) белгиленген тартипте тиешелүү укук коргоо органынын жетекчисинин атына билдирме жазат.
Ички иштер органдарында кызматта турган талапкерлер кадрдык бөлүмдөр тарабынан тандалып алынат жана алардын талаптарына ылайык келген учурда жалпы тизмеге киргизилүүгө тийиш.
Берилген билдирменин негизинде укук коргоо органынын жетекчиси, түз жана тике начальниктеринин сунуштамаларын эске алуу менен, алдын ала тандоо боюнча иш-чаралардан өтүү үчүн талапкерге уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
8. Талапкерлерди алдын ала тандоо кызматкер кызмат өтөп жаткан тиешелүү укук коргоо органында ишке ашырылат.
9. Тынчтыкты орнотуу миссиясына жөнөтүү үчүн талапкерлерге коюлуучу талаптар:
- укук коргоо органдарында календардык эсеп менен 7 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар жетекчилик жана катардагы курамдагы адамдар;
- чет тилдеринде (англис, зарыл болгон учурларда француз тилдеринде) эркин сүйлөө;
- эки жылдан кем эмес унаа (мындан ары - автоунаа) айдоо тажрыйбасы бар, механикалык өткөрмө коробкасы менен толук кыймылдуу унаа каражаттарын айдоого жөндөмдүү, "В" категориясындагы унаа каражаттарын башкарууга укук берген чыныгы айдоочулук күбөлүгүнүн болуусу;
- ден соолугунун абалы тууралуу медициналык форманын болуусу;
- мурда соттолбогондугу тууралуу маалымкаттын болуусу;
- талапкердин мурда кызмат өтөгөн тиешелүү укук коргоо органдары, же эл аралык уюмдары тарабынан талапкерге кызматтык терс мүнөздөмөнүн жоктугу;
- талапкердин мурда кызмат өтөгөн жеринен кызматтык же тартиптик тергөөнүн болушуна байланыштуу талапкерди кайтарып алуу же чакыртып алуу жөнүндө эл аралык уюмдардын чечиминин жоктугу.
10. Талаптарга ылайык талапкер тууралуу жалпы маалыматтар жана тастыктаган документтер тиешелүү укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан кол коюлган талапкерлердин жалпы тизмесине аны киргизүү жөнүндө сунуштама менен КР ИИМге жөнөтүлүүгө тийиш.
11. Талапкерлердин тизмесин түзүү укук коргоо органдарынан сунуштамалардын келип түшкөн датасы боюнча ишке ашырылат.
12. Талапкерлердин түзүлгөн тизмесин бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине (мындан ары - ички иштер министри) берилет.
13. Ички иштер министри тарабынан бекитилген талапкерлер КР ИИМдин медицина башкармалыгында алдын ала медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн жыйынтык боюнча талапкерлер жарандык полиция катары окуу курсунан өтүүгө жолдомо алышат.
14. Окутуу курсу ички иштер министри бекиткен окуу программасы боюнча жыл сайын бир айдын аралыгында КР ИИМдин билим берүү мекемелеринде ишке ашырылат.
15. Окуу программасы төмөнкү предметтерден турат:
- тынчтыкты орнотуу ишмердигинин негиздери;
- тилге даярдык (чет тилдерин билүүнү жакшыртуу);
- эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укугунун ченемдери;
- кесиптик жана медициналык даярдык (алгачкы медициналык жардам көрсөтүү);
- механикалык өткөрмө коробкасы бар толук кыймылдуу унаа каражаттарын айдоо;
- байланыштын жана коммуникациянын (радиокоммуникациянын) негиздери;
- топографиянын жана жерди багыттоонун негиздери;
- физикалык таасир этүү чараларын колдонуу;
- атайын каражаттарды колдонуу;
- ок атуучу куралдарды колдонуу жана пайдалануу;
- эл аралык уюмдардын кызматтык документтерин жүргүзүү;
- маданият аралык коммуникациянын негиздери жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн эрежелери;
- моралдык-психологиялык даярдык.
Көрсөтүлгөн предметтерден тышкары, ички иштер министринин чечими менен кошумча предметтер киргизилиши мүмкүн.
Жарандык полиция кызматкерлерин окутуу программасы теориялык жана практикалык сабактардан, ошондой эле дарылоо-алдын алуу иш-чараларынан турат.
16. Окутуунун жыйынтыгы боюнча талапкерлер аттестациядан өтөт (тиешелүү теориялык жана практикалык сынактарды берүү).
Тиешелүү сынактарды ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге жарандык полиция катары даярдоо курсунан өткөндүгү тууралуу КР ИИМдин тастыктамасы тапшырылат.
17. Тиешелүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери эл аралык адистештирилген борборлордо (чет өлкөлүк укук коргоо жана жарандык окуу жайлары/уюмдар/мекемелер) жарандык полиция катары даярдыктан өтүшөт.
18. Тынчтыкты орнотуу миссиясына жиберүү үчүн талапкерлердин тизмелерин бекиткенден кийин, талапкерлер тууралуу бардык маалыматтар жана башка зарыл документтер белгиленген тартипте эл аралык уюмдарга жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине (мындан ары - ТИМ) жөнөтүлөт.
19. Тынчтыкты орнотуу миссияларына кызматкерлерди жиберүү кызматкерге карата тиешелүү чакыруу-катын алгандан кийин ишке ашырылат.
20. Мамлекеттик органдар тынчтыкты орнотуу миссиясына жөнөтүлүп жаткан өздөрүнүн кызматкерлерин зарыл болгон жабдуулар, форма кийимдери, курал-жарактар, техникалык жана атайын каражаттар менен камсыз кылышы керек.
21. Эл аралык уюмдарга өздөрү жөнүндө маалыматтары жөнөтүлгөн жана жарандык полиция катары тынчтыкты орнотуу миссияларына жиберилбеген кызматкерлер, тынчтыкты сактоо миссиясына жиберүү үчүн талапкерлердин кезектеги тизмесин түзүүдө, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен медициналык күбөлөндүрүүдөн алдын ала өткөндөн кийин аталган тизмеге киргизилүүгө тийиш.
22. Жарандык полиция катары тынчтыкты орнотуу миссияларына катышкан кызматкерлер тынчтыкты орнотуу миссияларынан кайтып келгенден кийинки бир жылдын ичинде аларды талапкерлердин жалпы тартиптеги тизмесине киргизүүгө билдирме берүүгө укуктуу.
23. ИИМге эл аралык уюмдардан тынчтыкты орнотуу миссияларында кайрадан кызмат өтөө үчүн кызматкерлерге чакыруу келген учурда, ИИМ зарыл документтерди эл аралык уюмдарга жиберүү үчүн Тышкы иштер министрлигине жөнөтөт.
24. Жарандык полиция катары тынчтыкты орнотуу миссияларында болгон учурда кызматкерлер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте эл аралык келишимдер менен күчүнө кирген, жалпыга таанылган эл аралык укуктун ченемдерин жана принциптерин жетекчиликке алышат, жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарын сакташат, полиция миссиясынын башчысынын карамагында болушат жана уюмдун мандатына ылайык максаттарды жана милдеттерди аткарышат.
25. Тынчтыкты орнотуу миссияларында кызмат өтөөнү узартуу жөнүндө макулдашуу жана болуунун мөөнөтү кызматкерлер үчүн төмөнкү мазмунда ишке ашырылат:
укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн кызмат өтөөнүн баштапкы мөөнөтү миссияга келген күндөн баштап бир жылга чектелет.
Кызмат өтөөнүн баштапкы мөөнөтү эл аралык уюмдун жетекчисинин өтүнүчү боюнча ички иштер министри тарабынан кошумча дагы 6 айга, жалпы мөөнөтү 2 жылга чейин узартылышы мүмкүн.
Кызматкерлер миссияларда Кыргыз Республикасынын жүзүнүн жана кадыр-баркынын эл аралык аренада өсүүсүнө түрткү берүүчү жетекчилик кызмат ордунда турган учурда, кызматкерлердин болуу мөөнөтү эл аралык уюмдун жетекчисинин өтүнүчү менен ички иштер министри тарабынан дагы 6 айга, жалпы мөөнөтү үч жылга чейин узартылышы мүмкүн.
26. Миссияларда кызмат өтөөнүн мөөнөттөрүн кошумча узартуу кызматкердин макулдугун жана эл аралык уюмдун жетекчилигинин өтүнүчүн эске алуу менен ишке ашырылат.
27. Улуттук контингентти чакыртып алуу тууралуу чечим ИИМ менен макулдашылган же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунушу менен ТИМдин сунуштамасы боюнча, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен, эл аралык уюмдун жетекчисинин өтүнүчү боюнча же ички иштер министри тарабынан кабыл алынат.
28. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык операцияларга катышууга жөнөтүлгөн кызматкерлер, мөөнөтү бүткөндөн же операция аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып келишет.
29. Кызматкерлер же улуттук контингент эл аралык уюмдун жетекчисинин өтүнүчү боюнча ички иштер министри тарабынан төмөнкү учурларда да чакыртылып алынышы мүмкүн:
- эгерде алар барган жерде эл аралык аскердик-саясий кырдаалдын түп тамырынан өзгөргөндүгүнөн аталган операцияга алардын катышуусу максатсыз болуп калса, каржылоо токтотулса, же башка себептер болсо;
- ушул Убактылуу жобонун 2-главасынын жалпы талаптарына ылайык келбеген фактылар аныкталганда;
- эл аралык аренада өлкөнүн аброюна жана беделине зыян келтирген фактылар аныкталса, кызматтык тартипти, уюмдун талаптарын сактабаганда, улуттук формалык кийимди кийүүнүн жана айырмалоо белгилерин тагуунун эрежелерин бузганда;
- жеке же кызматтык мүнөздөгү маанилүү жагдайлар боюнча жеке каалоосун билдиргенде.
30. ИИМ өзүнүн компетенциясынын чегинде:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын милиция контингентин түзүүнүн тартибин, курамын жана санын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын жарандык полициясын жөнөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын тынчтыкты орнотуу ишмердигине катышуусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашылган сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- жарандык полиция катары кызматкерлерди тандоону жана даярдоону жүзөгө ашырат;
- тандоонун натыйжасы боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жөнөтүлүүчү жарандык полицияга талапкерлердин тизмесин бекитет, көрсөтүлгөн кызматкерлердин аракеттенүү аймагын, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн кызматкерлер жөнүндө маалыматтарды жөнөтүү маселеси боюнча БУУнун компетенттүү органдары жана башка эл аралык региондук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат.
31. ТИМ өзүнүн компетенциясынын чегинде:
- эл аралык уюмдардан келип түшкөн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча сунуштар жөнүндө мамлекеттик органдарга маалымдайт;
- эл аралык уюмдардын суроо-талаптарына ылайык эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн айкын категориядагы адистерди даярдоо жөнүндө тиешелүү укук коргоо органдарына сунуштарды жөнөтөт;
- талапкерлерди даярдоо боюнча иш-чараларга катышуу үчүн эл аралык уюмдардын адистерин тартууга тиешелүү укук коргоо органдарына көмөктөшөт;
- эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ар бир конкреттүү учуру тууралуу эл аралык уюмдарга маалымдайт.
32. Башка мамлекеттик органдар, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан тышкары жөнөтүлгөн кызматкерлерди даярдоого окуу материалдарын сунуштоо, тиешелүү адистерди жөнөтүү, аймактарды жана объектилерди, унаа жана башка материалдык-техникалык каражаттарды убактылуу берүү жолу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалар менен белгиленген тартипте көмөк көрсөтүүгө укуктуу.