Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 603
Вена шаарында 2010-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Эл аралык коррупцияга каршы академияны эл аралык уюм катары түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Вена шаарында 2010-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Эл аралык коррупцияга каршы академияны эл аралык уюм катары түзүү жөнүндө макулдашуунун XVIII беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Вена шаарында 2010-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Эл аралык коррупцияга каршы академияны эл аралык уюм катары түзүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасы кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Австрия Республикасынын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрине аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы жөнүндө билдирүү жиберсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
|