Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 608
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ипотекалык турак жай насыясын берүүгө колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүүгө түрткү берүү, турак жай курулушуна чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 155-пункт төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
"155. Чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын жер участогусуз имаратка, курулмага карата менчик укугун каттоо, алардын арызы боюнча нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тиешелүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.";
- төмөндөгүдөй мазмундагы 155-1 - 155-6-пункттар менен толукталсын:
"155-1. Чет өлкөлүк жактардын калктуу конуштун чегинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген, жер участогу бар имаратка, курулмага болгон менчик укугун каттоо тиешелүү келишимдин жана/же укук белгилөөчү документтин негизинде жүргүзүлөт. Мындай учурда каттоо карточкасынын экинчи бөлүмүндө имаратка, курулмага менчик укугу катталат, үчүнчү бөлүмүндө жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу катталат.
Чет өлкөлүк адамга же жарандыгы жок адамга таандык кыймылсыз мүлк кийин Кыргыз Республикасынын жаранынын пайдасына ажыратылганда каттоо карточкасынын экинчи бөлүмүнө сатып алуучунун аты киргизилет, үчүнчү бөлүмүндө жер участогун пайдалануу укугун токтотуу катталат. Мында жер участогуна Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке менчик укугун мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт.
155-2. Чет өлкөлүк жактын калктуу конуштун чегиндеги жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу жер участогуна укук белгилөөчү документтин негизинде жүргүзүлөт. Мындай учурда каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүндө жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу катталат.
155-3. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ипотекалык насыя боюнча өндүрүп алуу учурунда чет өлкөлүк жактардын имаратка, курулмага жана жер участогуна менчик укугун каттоо ипотекалык насыя боюнча өндүрүп алуу фактысын далилдеген документтердин негизинде жүргүзүлөт. Мындай учурда каттоо карточкасынын экинчи бөлүмүндө чет өлкөлүк жактын имаратка, курулмага жана жер участогуна менчик укугу катталат.
155-4. Чет өлкөлүк жактын калктуу конуштан сырткары жайгашкан, айыл чарба жерлери жана жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жерлер болуп саналбаган жер участогуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун каттоо, көрсөтүлгөн жер участогуна укук белгилөөчү документтин негизинде жүргүзүлөт. Мындай учурда каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүндө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу катталат.
155-5. Чет өлкөлүк жактардын, алар универсалдуу мурастоо укугу тартибинде алган айыл чарба багытындагы жер участокторуна менчик укугун каттоо, анын мурастоо же мураскорлук укугун далилдеген тиешелүү документтердин негизинде жүргүзүлөт. Мындай учурда каттоо карточкасынын экинчи бөлүмүндө жер участогуна менчик укугу катталат, "Токтотуу" графасында менчик укугу бир жылдан кийин токтотулаары жөнүндө белгиленет. Чет өлкөлүк адам жер участогуна менчик укугу пайда болгон күндөн кийин, бир жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын жаранына өткөрүп берүүгө милдеттүү. Жергиликтүү каттоо органы чет өлкөлүк жактын менчик укугу катталган күндөн тартып, отуз жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына менчик укугу катталгандыгы жөнүндө билдирүү жиберет. Ал тууралуу билдирүү эркин формада түзүлөт.
155-6. Чет өлкөлүк банктар жана адистештирилген финансылык-насыялар мекемелери "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ипотекалык насыя боюнча өндүрүп алуу учурунда айыл чарба жерлерине менчик укугуна ээ болушат. Чет өлкөлүк банктын жана адистештирилген финансылык-насыя мекемесинин менчик укугун каттоо ипотекалык насыя боюнча өндүрүп алуу фактысын далилдеген документтердин негизинде жүргүзүлөт. Мындай учурда каттоо карточкасынын экинчи бөлүмүндө менчик ээси болуп чет өлкөлүк жак же адистештирилген финансылык-насыя мекемеси көрсөтүлөт, "Токтотуу" графасында менчик укугу үч жылдан кийин токтотулаары жөнүндө белгиленет. Чет өлкөлүк банктар жана адистештирилген финансылык-насыя мекемелери жер участогуна менчик укугу пайда болгон күндөн кийин, үч жылдын ичинде аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатууга милдеттүү. Жергиликтүү каттоо органы чет өлкөлүк банктын жана адистештирилген финансылык-насыя мекемесинин менчик укугу катталган күндөн тартып, отуз жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрацияга же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына менчик укугу катталгандыгы тууралуу билдирүү жиберет. Ал тууралуу билдирүү эркин формада түзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |