Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 11-ноябры № 610
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 31-статьянын 3-пунктунун 1-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Дивиденддерди төлөп берүүнүн башталган күнү, мөөнөтү жана тартиби коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат. Дивиденддерди төлөп берүүнүн мөөнөтү дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 120 күндөн ашпоого тийиш. Акционерлердин жалпы чогулушу белгиленген мөөнөттүн чегинде дивиденддер төлөнө турган күндү белгилөөгө милдеттүү.".
1. 55-статьянын 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү ушул Мыйзамда жана коомдун уставында каралган тартипте акционерлердин жалпы чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланат.
Уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашуун пайызды түзгөн акционердик коомдордо директорлор кеңешинин мүчөлөрү акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан үч жылга чейинки мөөнөткө шайланат.
Эгерде директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтүп кетсе, ал эми директорлор кеңешинин жаңы курамы шайлана элек болсо, анда директорлор кеңеши өзүнүн милдеттерин директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланганга чейин аткара берет.
Коомдун директорлор кеңешинин курамынын мүчөлүгүнө шайланган адамдар бир нече жолу кайра шайланышы мүмкүн.
Акционерлердин жалпы чогулушунун чечими боюнча директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн. Директорлор кеңешинин чакыртып алынган мүчөсүнүн ордуна курамга жаңыдан кирген мүчөсүнүн ыйгарым укуктары директорлор кеңешинин бүткүл курамынын ыйгарым укуктарынын аякталышы менен токтотулат.
Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсү коомдун директорлор кеңешине жана/же коомго жазуу жүзүндөгү арызын берип, кандай учурда болсун өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө алып сала алат. Мындай учурда коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары бул арызды директорлор кеңеши караган күндөн тартып токтотулат.
Директорлор кеңешинин курамындагы ар кандай өзгөрүү, эгерде директорлор кеңешинин курамынын калган саны анын жарымынан аз болсо, директорлор кеңешинин бүткүл курамын шайлоо менен ишке ашырылат.".
2. 65-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы "добуш берүүгө катышпаган" деген сөздөрдөн мурда "жүйөөлүү себептер боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 77-статьяда:
1) 1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Коом тарабынан ушул Мыйзамдын 75-статьясында аталган адамдардын кызыкчылыктары бар бүтүмдөр жасалганда, ушул статьянын талаптарынын талаптагыдай аткарылышын камсыздоо үчүн, коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бүтүмдүн жагдайларын изилдегенден кийин, коомдун эң мыкты кызыкчылыктарын эске алып, өз милдеттерин акыл-эстүү этияттыкта аткарууга;
- коом тарабынан кызыкчылыктары бар бүтүмдөр түзүлгөн учурда, коомдун активдерин коомдун жана/же акционерлердин кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен же жеке пайдасы үчүн пайдаланбоого;
- жеке кызыкчылыктар менен коомдук кызыкчылыктардын ортосунда иш жүзүндө жана потенциалдуу каршылыктарга жол бербөөгө.";
2) 2-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде бүтүм коомго жана/же акционерлерге зыян келтирсе, кызыкчылыктары бар бүтүмдүн акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан жактырылгандыгынын фактысы коомдун кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин жокко чыгарбайт.";
3) төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Директорлор кеңеши кызыкчылыктары бар бүтүмдү жасоо же жасабоо жөнүндө корутундуну чыгарат, ага директорлор кеңешинин кызыкчылыктары бар бүтүмдү жасоо үчүн добуш берген бардык мүчөлөрү кол коюшат.
Коом тарабынан кызыкчылыктары бар бүтүм жасалган учурда директорлор кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн аракеттери үчүн жана аракетсиздиктери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыктары бар бүтүмдүн коом тарабынан жасалгандыгынын натыйжасында коомго зыян келтирилген учурда, коом алдында төмөнкүлөр чогуу жоопкерчиликтүү болушат;
- коом тарабынан бүтүмдүн жасалышына кызыкдар болгон директорлор кеңешинин мүчөлөрү;
- ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыктары бар бүтүмдүн коом тарабынан жасалган маселеси боюнча добуш берүүдө директорлор кеңешинин калган калыс мүчөлөрү;
- ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыктары бар бүтүмдүн коом тарабынан жасалган маселеси боюнча добуш берүүгө жүйөлүү себептерсиз катышпай калган директорлор кеңешинин мүчөлөрү.".
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|