Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 615 токтому менен бекитилген |
Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Бул жобо кийинки календардык жылга карата киреше салыгын эсептөөдө пайдаланылуучу бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин (мындан ары - МЭК) өлчөмүн аныктоонун методикасын белгилейт.
2. Мамлекеттик статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде, өткөн жыл үчүн Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын 40 пайыз өлчөмү, кийинки календардык жылга карата МЭКтин өлчөмүн аныктоо үчүн негиз болуп саналат.
3. МЭКти эсептөөдө төмөнкү факторлордун таасири жокко чыгарылат:
1) жалпысынан өлкө боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен бир кыйла ашкан жогорку эмгек акы деңгээли;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын болгон аймактарда иштөө үчүн белгиленген үстөктөрдүн жана райондук коэффициенттердин эсебинен куралган эмгек акыга кошумча төлөмдөр.
4. МЭК мамлекеттик статистикалык органдын Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акы жөнүндө маалыматтарынын негизинде, орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпысынан өлкө боюнча орточо айлык эмгек акынын деңгээлинен 50 пайызга жогору болгон ишканалардын жана уюмдардын маалыматтарын эске албастан жыл сайын, төмөнкү методика боюнча аныкталат:
МЭК = (ЭАОӨ - КТОӨ) х 40%, мында
МЭК - бир айдагы минималдык эсептик киреше;
ЭАОӨ - бир айдагы эмгек акынын орточо өлчөмү;
КТОӨ - бир айдагы бийик тоолуу жана алыскы аймактар боюнча эмгек акыга кошумча төлөмдөрдүн орточо өлчөмү.