Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 620
2013-жылдын 31-майында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Мезгилдүү басма сөз, китеп басмасы, китеп таратуу жана полиграфия жаатындагы кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууга Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана 2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Мезгилдүү басма сөз, китеп басмасы, китеп таратуу жана полиграфия жаатындагы кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууга Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган, 1999-жылдын 4-июнундагы Мезгилдүү басма сөз, китеп басмасы, китеп таратуу жана полиграфия жаатындагы кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууга Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетине билдирсин.
3. Аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жооптуу орган катары белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
|