Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 621
Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна берилген зайым каражаттарды кайтаруу шарттарын өзгөртүү жөнүндө
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун финансылык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү жана чет өлкөлүк насыялар боюнча компаниянын насыя карызынын өсүшүнө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2007-жылдын 1-мартындагы № 8-000/57, № 8-000/58, № 8-000/60 жана № 8-000/102 макулдашуулар боюнча бул токтом күчүнө кирген мезгилге карата Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн гранттары боюнча "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун мөөнөтүнөн кечиктирилген карызын төмөнкү шарттарда кайра тариздесин:
- карызды төлөө мөөнөтү - 17 жыл;
- пайыздык коюм - жылына 4 (төрт) пайыз;
- негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөмдөр кечиктирилгенде мөөнөтү кечиктирилген төлөмдүн суммасынан жылына 6 (алты) пайыз өлчөмдө айыптык санкция белгиленсин;
- төлөөнүн мезгилдүүлүгү жылына эки жолу: 15-июнь жана 15-декабрь.
2. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарда карыздык милдеттенмесин кайра түзүү;
- кайтаруу шарттары өзгөртүлгөн карызды аны жабуу графигине ылайык кайтарууну камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги мамлекеттик зайым каражаттар боюнча карыздардын "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда кол коюлган карыздык милдеттенменин графигине ылайык төлөнүшүнө контроль жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
|