Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 623
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 "2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Инновациялар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 "2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пункттагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук стратегия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик программа" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1 жана 4-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Стратегия" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "Программа" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген, 2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында:
- аталышындагы жана текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук стратегия" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик программа" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- кириш сөздүн аталышындагы "Стратегиялык" деген сөз "Мамлекеттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- V бөлүмдүн онунчу абзацындагы "стратегиянын" деген сөз "мамлекеттик программанын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- VII бөлүмдүн биринчи абзацындагы "стратегияны" деген сөз "мамлекеттик программаны" деген сөзгө алмаштырылсын.
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын милдеттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- аталышындагы "улуттук стратегиясынын" деген сөздөр "мамлекеттик программасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1.1-бөлүмчөдө:
төмөнкү мазмундагы 1.1.1-1-глава менен толукталсын:
"
1.1.1-1. Инновациялык ишмердүүлүк системасын жана инновацияларды жайылтуунун механизмдерин өркүндөтүү | ||||||
12-1 | Жагымдуу укуктук жана экономикалык чөйрөнү түзүүнүн эсебинен КРда инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү | Кыргызпатент, КР Экономика министрлиги, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Улуттук илимдер академиясы жана илим жана бизнес өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) | 2014-ж. | Инновациялык ишмердүүлүктү мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү жагымдуу укуктук жана экономикалык чөйрөнү түзүү | 2020-жылга чейин КРнын инновациялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн концепциясын кабыл алуу | Кыргызпатент |
12-2 | Инновациялык долбоорго киргизүүнүн критерийлерин иштеп чыгуу | Кыргызпатент, ИМ мамлекеттик фонду, КР УИА (макулдашуу боюнча) | 2013- 2014-жж. | Иштелип чыккан критерийлердин негизинде инновациялык долбоорго киргизүү | Жоболорду кабыл алуу | Кыргызпатент |
";
22, 23, 24-пункттар күчүн жоготту деп табылсын:
- 26-пункттун "Иш-чаралар" графасындагы "- Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси;" деген сөздөр алып салынсын;
- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"
32 | 2014-жылы Кыргызстандын калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген контрафактылык продукцияларга каршы күрөшүү боюнча бир айлыкты өткөрүү | Кыргызпатент, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | 2014-ж. | Кыргызстандын калкынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген контрафактылык продукциялардын деңгээлин төмөндөтүү | Өткөрүлгөн иш-чаралардын саны | Кыргызпатент |
";
- 43-пункт "продукциялардын контрафактылык" деген сөздөрдөн мурун "Аудиовизуалдык" деген сөз менен толукталсын;
- 44-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"
44 | ИМ жаатындагы укук бузууларга тиешелүү келип түшкөн юридикалык жана жеке жактардын арыздары, кайрылуулары, даттануулары боюнча аналитикалык маалыматтарды берүү | Кыргызпатент, мамлекеттик органдар | Дайыма | ИМ жаатындагы укук бузуулар жөнүндө маалымат алуу | Аналитикалык маалыматтардын саны | Кыргызпатент, эл аралык уюмдар |
";
- 45-пункттагы "Квартал сайын" деген сөздөр "Жарым жылдыктар боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 51-пункттагы "2012-ж." деген цифралар "2014-2015-жж." деген цифраларга алмаштырылсын";
- 84-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 102-пунктта:
"Иш-чаралар" графасындагы "жылдын алкагында" деген сөздөр "бир айлыктын алкагында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2013" деген цифралар "2014" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |