Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-ноябры № 626
Ашхабад шаарында 2012-жылдын 5-декабрында кол коюлган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын окуу жайларында террорго каршы бөлүнүштөрдүн адистерин даярдоодогу кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Ашхабад шаарында 2012-жылдын 5-декабрында кол коюлган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын окуу жайларында террорго каршы бөлүнүштөрдүн адистерин даярдоодогу кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 3, 13-беренелеринде каралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ашхабад шаарында 2012-жылдын 5-декабрында кол коюлган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдарынын окуу жайларында террорго каршы бөлүнүштөрдүн адистерин даярдоодогу кызматташтык жөнүндө тиркелген расмий тилдеги Макулдашуу бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө жана Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тууралуу Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |