Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2013-жылдын 16-ноябры N 629
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы - Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы - Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган Мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| Ж.Оторбаев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолу, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө кытай тарапка билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-ноябрындагы N 629 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытай Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернитивалуу автожолунун, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Насыя берүүчү катары Кытай Экспорттук-Импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолунун, Казарман - Жалал-Абад участогу (291-433 км) жана Балыкчы-Арал участогу (183+500-195+486 км) долбоору боюнча Жеңилдетилген насыялык макулдашууга (мындан кийин - Макулдашуу) Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган.
Макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык, Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери тарабынан жактырылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2013-жылдын 5-сентябрындагы корутундусу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы комитетинин 2013-жылдын 5-сентябрындагы корутундусу; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин 2013-жылдын 5-сентябрындагы корутундусу).
Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы N 377-б буюртмасы менен жактырылган.
Жалпы узундугу 433 километрди түзгөн Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолу II техникалык категориянын параметри боюнча үч этапта курулат:
154 километр узундуктагы Фаза-1 Кызыл-Жылдыз а. - Арал а. (183+500-195+486 км), Казарман а, - Жалал-Абад ш. (291-433 км) каттамы боюнча өтөт. Жалпы наркы 400 млн. АКШ долларын түзөт;
96 километр узундуктагы Фаза-II Арал а. - Казарман а. (195-291 км) каттамы боюнча өтөт. Бул участокто узундугу 0,7 чакырым туннелдин курулушу каралууда. Жалпы наркы 284 млн. АКШ долларын түзөт;
183 километр узундуктагы Фаза-III Балыкчы ш. - Кызыл-Жылдыз а. (0-183 км) каттамы боюнча өтөт. Курулуштун жалпы наркы 166 млн. АКШ долларын түзөт.
Жеңилдетилген насыялык макулдашуунун шарттары боюнча:
насыянын суммасы: 399989041,00 АКШ долл.;
насыянын мөөнөтү: 20 жыл;
жеңилдетилген мезгил: 11 жыл;
дайындык коюму: жылдык 2,0%;
милдеттер боюнча комиссиялык акы: 0,25% (насыянын өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн);
бир жолу берилүүчү комиссиялык акы: 0,18% (насыянын суммасынан).
Каржы шарттарына таянып жүргүзүлгөн алдын ала эсептөөлөргө ылайык, карыздын грант-элементинин учурдагы мааниси 35,1% түзөт, бул жаңы тышкы карыз алуулар үчүн жеңилдүүлүктүн минималдуу жол берилген деңгээлине ылайык келет.
Бул Долбоорду ишке ашыруу экономиканын өнүгүшүнө оң таасирин берип, өлкөнүн региондорунун ортосундагы үзгүлтүксүз транспорттук катнашты камсыздайт, ошондой эле Россия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан каттамы боюнча транзиттик өткөөлдү түзөт.