Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-ноябры № 632

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана  башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 9-пунктундагы “227” жана “152” цифралары тиешелүү түрдө “317” жана “242”  цифраларына алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев