Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-ноябры № 633
«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө»
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин натыйжалуу күтүүнү камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 334 "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алып жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарынын мэриясынын "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси мекемеси Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылында жайгашкан аянты 3,087 га жер участкасы менен мүлк комплекси катары мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- "Бишкек шаарынын мэриясынын "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси" мекемесин мүлк комплекси катары аянты 3,087 га жер участкасы жана штаттык саны 16 бирдиктен турган кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин күтүү үчүн акча каражаттарын караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы:
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилге кылсын, ошондой эле ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-ноябры № 633
«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө»
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468, 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин натыйжалуу күтүүнү камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-октябрындагы № 334 "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алып жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарынын мэриясынын "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси мекемеси Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылында жайгашкан аянты 3,087 га жер участкасы менен мүлк комплекси катары мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунда аталган "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин күтүү үчүн акча каражаттарын караштырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети: