Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-ноябры № 636
Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө
Республикалык бюджетти аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө отчету (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету) көңүлгө алынсын.
Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына 2014-жылдын 1-февралына чейин жыйынтыктары жөнүндө маалымат беришсин.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги келерки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө жана аткарууда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү эске алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |