Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-ноябры № 645
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Европа шериктештиги жана ага мүчө болгон мамлекеттер менен бир жагынан жана экинчи жагынан Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 235 "Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынан Улуттук координатор жана Улуттук координациялык бюро жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкү мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасы - Европа Союзу кызматташтыгы боюнча Кеңештин жана Комитеттин (мындан ары - КР-ЕС), КР-ЕС соода жана инвестициялар боюнча ички комитеттин жыйындарын, Улуттук координаторлордун жолугушууларын жана КР-ЕС кызматташтыгынын алкагындагы башка жыйындарды координациялоо, даярдоо жана Кыргыз Республикасынын атынан катышуу;
- ЕС тарабынан каржылануучу жана Кыргыз Республикасында ишке ашырылуучу программалардын жана долбоорлордун ишин жалпы координациялоо, ошондой эле зарыл учурда бул программалардын жана долбоорлордун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабындагы координаторлорун жана бенефициарларын аныктоо;";
- 5-пунктта:
он биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
бул Жобого ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тапшырма берүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн маалыматты сурап алууга;";
төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, ЕС долбоорлорунун жана программаларынын, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн, ишкер чөйрөлөрдүн жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешмелерди (жолугушууларды, консультацияларды, талкууларды жана башкаларды) өткөрүү, алардын жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары аткарууга милдеттүү болгон протоколдор менен таризделет.";
- 6 жана 7-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
"6. Улуттук координатордун ишин Улуттук координациялык бюро (мындан ары - УКБ) камсыздайт.
УКБны кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп саналган директор башкарат.
Улуттук координатор жок учурда анын функциясын УКБнын директору аткарат.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн кызматкерлери УКБнын кызматкерлери болуп саналат.
УКБ мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнү Улуттук координатор менен макулдаштыкта УКБнын директору аныктайт.
Тиешелүү маселелер жана багыттар боюнча УКБнын ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиндеги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигиндеги кызматкерлер бекитилет, алар жумушчу органдын - өздөрүнүн багыттары боюнча УКБнын жооптуу катчыларынын функцияларын аткарышат.";
-11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"11. Улуттук координатор, УКБ директору жана кызматкерлери өздөрүнүн ишин коомдук негиздерде ишке ашырышат. Улуттук координатордун жана УКБнын ишин каржылоо өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн мүмкүн болгон каржылоосун тартуу менен алардын өздөрүнүн негизги ишин аткаруунун чегинде, бирок мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлүүсүз жүргүзүлөт.";
- төмөнкү мазмундагы 12 жана 13-пункттар менен толукталсын:
"12. Улуттук координатордун өзүнүн бланкы болот.
13. Улуттук координатор өз ишин аткарууда дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине теңештирилет жана ага "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |