Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 3-декабры № 652

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, сүт ишканаларынын жана сыноочу лабораториялардын өндүрүштүк инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенттин 51-пункту төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

«51. Сүт жана аны кайра иштетүүнүн азыктары «Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө» Техникалык регламент» тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык келген, керектөөчүлөргө арналган маалымат менен коштолууга тийиш.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 84 “Сүттүн жана кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтомунун колдонулушу 2014-жылдын 7-июнуна чейин токтотулуп турсун.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

 

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев