Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы N 654 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 145 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин (мындан ары - кадрлар резерви) түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
2. Кадрлар резерви - бул тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдагы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган), ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдагы жана ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү бош кызмат орундарын ээлөөгө квалификациялуу жана келечектүү адамдардын атайын түзүлгөн тобу.
3. Кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн максаты ыйгарым укуктуу органдагы, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдагы же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү бош кызмат орундарын ээлөөгө дипломатиялык кызматтын органдарын талапкерлер менен камсыз кылуу болуп эсептелет.
4. Кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн милдеттери:
- дипломатиялык кызматтын тийиштүү органдарындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө дипломатиялык кызматтын максаттарын, милдеттерин жана функцияларын кесипкөйлүк менен жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү талапкерлердин кесипкөй жана даяр курамын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын тийиштүү органдарындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин өнүгүү, кесиптик жана кызматы боюнча карьералык өсүү мотивациясын жогорулатуу.
5. Кадрлар резервин түзүүнүн негизги принциптери:
- кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлердин кесиптик жана жеке сапаттарын баалоонун объективдүүлүгү;
- кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлердин иш-билгилиги жана кесипкөйлүгү;
- кадрлар резервине киргизүүдөгү ачыктык жана адилеттүүлүк.
6. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резервин түзүүнү жана анын иштөөсүн ыйгарым укуктуу орган камсыз кылат.
2. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
7. Кадрлар резервине ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы (мындан ары - аттестациялык-конкурстук комиссиясы) тарабынан сунушталгандар ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечимине ылайык киргизилишет:
1) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же өкүлчүлүктө же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;
2) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген, өз каалоосу менен бошотулган же дипломатиялык кызматтын органдарынан Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына өтүшкөн дипломатиялык кызматтын мурдагы кызматкерлери;
3) кайра уюштурууга, штаттык санынын кыскарышына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган дипломатиялык кызматтын мурдагы кызматкерлери;
4) ээлеген кызматынан бошонуу менен илимий изилдөө жүргүзүү үчүн күндүзгү/сырттан окууга өз алдынча өтүшкөн, Кыргыз Республикасынын аймагында же чет өлкөдө жогорку окуу жайда же илимий мекемеде 12 айдан ашуун мөөнөткө стажировкада жүрүшкөн дипломатиялык кызматтын жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
5) ээлеген кызматынан бошотуу менен Кыргыз Республикасына бөлүнгөн квота боюнча эл аралык уюмдарга иштөөгө жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;
6) ээлеген кызматынан бошотуу менен миссиялардын иштерине жана эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышууга жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери;
7) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 145 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн, ошол түзүмдүк бөлүнүштөрдө 2 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген кызматкерлери;
9) Кыргыз Республикасынын аймагындагы ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бош кызмат ордун ээлөө үчүн өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча өтүү упайын алган, бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган жарандар;
10) кызматтык аттестациядан ийгиликтүү өткөн дипломатиялык кызматтын кызматкерлери.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 145 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ушул Жобонун 7-пунктунун 1-8-пунктчаларында аталган адамдар аттестациялык-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына аларды кадрлар резервине киргизүүгө сунуштоосун өтүнүү менен өз алдынча арыз беришет.
9. Протокол түрүндө таризделүүчү кадрлар резервине киргизүүгө сунуштоо жөнүндө чечим аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү документтер берилген күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.
10. Ушул Жобонун 7-пунктунун 9, 10-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдар конкурстук комиссия тарабынан кадрлар резервине киргизүүгө сунушталат. Мында кадрлар резервине киргизүүгө сунуштоо жөнүндө чечим аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан аттестациянын жыйынтыктары жөнүндө чечим же болбосо бош кызмат ордун ээлөөгө өткөрүлгөн ачык конкурстун жыйынтыктары жөнүндө чечим менен бир убакта кабыл алынат жана тийиштүү протокол менен таризделет.
11. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунушунун негизинде кадрлар резервине киргизилгендер жөнүндө буйрук түрүндө чечим кабыл алат.
12. Ыйгарым укуктуу органдын кадрларды башкаруу кызматы кадрлар резервине киргизүү жөнүндө буйрук чыккан күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде кадрлар резервине киргизилген адамдарга кол койдуруу менен билдирет же аларга тийиштүү билдирүүлөрдү жиберет.
3. Кадрлар резервинин иштөө тартиби
13. Кадрлар резерви туруктуу негизде иштейт.
14. Кадрлар резервинде туруу мөөнөтү чектелбейт.
15. Кадрлар резервинде турган дипломатиялык кызматтын кызматкерлери кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга, такшалтмадан өтүүгө, анын ичинен чет өлкөдөн такшалтмадан өтүү үчүн биринчи кезекте жиберилишет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 145 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ыйгарым укуктуу органдын кадрларды башкаруу кызматы кадрлар резервине киргизилген адамдардын бирдиктүү маалыматтар базасын жүргүзөт.
17. Кадрлар резервинен ага киргизилген адамды чыгаруу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- кадрлар резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыз берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулганда;
- чет мамлекеттин жарандыгы болгондо;
- ошол адамга карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- мыйзамдарда белгиленген пенсиялык куракка жеткенде;
- "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ошол адамдын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматына кирүүсүнө же болуусуна тоскоол болуучу башка негиздер аныкталганда.
18. Ушул Жобонун 17-пунктунун экинчи - алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөн жагдайлар жаралган учурда кадрлар резервине киргизилген адамдар кадрлар резервинен чыгарылууга тийиш, бул ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тийиштүү чечими менен таризделет.
Ушул Жобонун 17-пунктунун жетинчи абзацында көрсөтүлгөн жагдайлар жаралган учурда кадрлар резервине киргизилген адамдар тийиштүү буйрук менен таризделүүчү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечимине ылайык аттестациялык-конкурстук комиссиянын сунушу боюнча кадрлар резервинен чыгарылууга тийиш.