Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-декабры № 661
“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул мыйзам долбоорун кезексиз тартипте, кийинкиге калтырбастан карап чыгуу өтүнүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2009-жылдын 4-августу, № 67) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31) коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууну пландоо;”;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“4) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү өнүктүрүү, аскердик коопсуздукту камсыз кылууга жана коргоого даярдоо жана даярдыкта кармоо;”;
8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо, аймагын жана аба мейкиндигин коргоо;”;
13-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“13. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле коргоо кызыкчылыгында радио жыштык спектрин колдонууну пландаштыруу;”.
2. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:
“9) коргоону уюштурууга жана Куралдуу Күчтөрдү курууга көз караштардын бирдейлиги;
10) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн, даярдоонун жана колдонуунун теориясынын жана практикасынын улануучулугу;
11) Куралдуу Күчтөрдүн курамынын, уюштуруучулук-штаттык түзүмүнүн, санынын тынчтык мезгилинде аскердик коопсуздукту жана согуш мезгилинде куралдуу коргонууну камсыз кылуу милдеттерине шайкеш келүүсү.”.
3. 6-8-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“6-берене. Куралдуу Күчтөрдүн курамы жана милдеттери
1. Куралдуу Күчтөр коргоо; мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын башкаруу органдарынан, бирикмелерден, бөлүктөрүнөн, мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын бөлүктөрүнөн жана бөлүкчөлөрүнөн турат.
Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды баскынчылыктан куралдуу коргоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын, анын экономикалык кызыкчылыктарын куралдуу коргоо жана кайтаруу;
- аймактык коргоого катышуу;
- өзгөчө жана аскердик абалдардын режимдерин кармоо;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жана табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
- терроризм жана экстремисттик иш-аракет менен күрөшүүгө катышуу;
- эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иш-аракеттерге катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу;
- ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жеңүү боюнча иш-чараларга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
2. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.
Башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери алардын катарына кризистик кырдаалдарды чечүү кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Эскертүү: Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн кризистик кырдаалдар деп куралдуу козголоң; этностор аралык чыр-чатактар; террордук актылар; жолдорду жана стратегиялык объекттерди тосмолоо, басып алуу, ошондо эле аларды бузуу түшүнүлөт.
7-берене. Куралдуу Күчтөрдү жетектөө
1. Кыргыз Республикасынын Президенти – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы (мындан ары – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы) Кыргыз Республикасын коргоого, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоого жана колдонууга жогорку жетекчиликти ишке ашырат.
2. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоону жана колдонууну түздөн-түз жетектөөнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы) ишке ашырат, ал ыкчам башкармалыктын башкы органы болуп саналат.
Аскердик же өзгөчө абалды киргизүүдө же ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-абзацында көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы Кыргыз Республикасынын ички иштер, улуттук коопсуздук, Жарандык коргонуу органдарынын, өзүнүн компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумуна тартылган башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп эсептелет.
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына баш иет.
3. Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө мамлекеттик аскердик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирүүчү коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик орган ишке ашырат, жетекчинин анын ыйгарым укугуна тиешелүү маселелер боюнча буйруктары эгерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса, Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн милдеттүү.
8-берене. Куралдуу Күчтөрдү жайгаштыруу
1. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин жайгаштыруу Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын сунушу боюнча коргоо маселелерине жана жайгашуу ордунун социалдык-экономикалык шарттарына ылайык Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан аныкталат.
2. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелерин, аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн (мекемелерин) Куралдуу Күчтөргө колдонууга берилген жерлердин чегинде кайра жайгаштырууну Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги ишке ашырат.”.
4. 10 жана 11-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«10-берене. Куралдуу Күчтөрдү колдонуу
1. Куралдуу Күчтөр жарандардын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан бекитилген аларды колдонуу, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо, мобилизациялык жайгаштыруу пландары боюнча колдонулат.
2. Терроризмге каршы күрөшүү; куралданган мыйзамсыз түзүлүштөрдү, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу; адамдардын ден-соолугуна жана өмүрүнө, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө, эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудуруу менен коштолгон кризистик кырдаалдар болгондо, укук коргоо органдарынын, башка аскердик түзүлүштөрдүн күчтөрү жана каражаттары аларды чечүү үчүн жетишсиз болгон учурда, алдын алуу жана чечүү үчүн чараларды ыкчам кабыл алуу максатында Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги өзгөчө абал киргизүү жөнүндө сунуш менен Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына дароо билдирип, Куралдуу Күчтөрдүн айрым аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн колдонуу чечимин кабыл алышы мүмкүн.
3. Куралдуу Күчтөрдү эл аралык келишимдерге ылайык тапшырмаларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынан тышкары колдонуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча ишке ашат.
4. Куралдуу Күчтөрдү мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
11-берене. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын ыйгарым укуктары
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы:
1) Куралдуу Күчтөрдүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот;
2) жалпы же жарым-жартылай мобилизацияны жарыялайт; басып алуу учурунда же Кыргыз Республикасына басып алууга түздөн-түз коркунуч учурунда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
3) өлкөнү коргоо жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыгында аскер абалын киргизет жана бул маселени дароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет;
4) аскер абалынын киргизилиши менен Кыргыз Республикасын коргоону жетектейт;
5) аскердик аракеттерди жүргүзүүгө Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө директива чыгарат;
6) аскердик убакыттын ченемдик актыларын колдонууга киргизет жана алардын аракетин токтотот, аскердик убакыттын мамлекеттик органдарын түзөт жана жоёт;
7) мыйзамга ылайык түзүлгөн Коргоо кеңешин жетектейт;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын, Аскердик доктринасын бекитет;
9) аскердик коопсуздукту камсыздоо, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу, коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагын даярдоо пландарын, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү мобилизациялык жайгаштыруу схемасын бекитет;
10) Куралдуу Күчтөрдүн аракеттеринин кызыкчылыгында аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүү, экономиканы, калкты, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, аймактарды мобилизациялык даярдоо программаларын (пландарын) жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча башка программаларды бекитет;
11) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жөнүндө жобону жана аны башкаруу схемасын бекитет;
12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары үчүн аскердик кийим формасын жана аларды кийип жүрүү эрежелерин аныктайт;
13) Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн байрактарынын жана желектеринин жоболорун жана сүрөттөлүшүн бекитет;
14) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жогорку офицердик курамдын адамдары дайындалуучу кызмат орундардын тизмегин белгилейт;
15) жогорку аскердик наамдарды ыйгарат;
16) жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу, мобилизациялоо жөнүндө жана аларды запаска бошотуу жөнүндө жарлыктарды чыгарат;
17) коргоо жана коопсуздук жаатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
18) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттерди аткаруу зарыл болгондо Куралдуу Күчтөрүн республиканын чегинен тышкары колдонуу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизет;
19) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган Кыргыз Республикасынын коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.”.
5. 13-15-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“13-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) мамлекеттик эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү кайтаруу, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укуктук тартипти чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыздайт;
2) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн абалы жана комплектелиши үчүн жоопкерчилик тартат;
3) коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыздайт;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине коргонууга кетүүчү чыгымдар боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамынын долбоору боюнча сунуштарды киргизет (тиешелүү жылга);
5) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү куралдар жана аскердик техникалар менен жабдууну, аларды материалдык каражаттар, ресурстар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоону уюштурат;
6) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын (пландардын) аткарылышын, ошондой эле аскердик-каттоо адистиктери боюнча жарандарды даярдоону финансы жана материалдык каражаттар менен камсыздайт;
7) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн инфратүзүмүн өнүктүрүүнү камсыздайт;
8) коргонуу өндүрүшүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын, мобилизациялык пландарды жана тапшырмаларды, мобилизациялык жана мамлекеттик резервдерди (запастарды) топтоо пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну уюштурат;
9) аскердик каттоо тартибин аныктайт жана аскердик кызматка, аскердик жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырууга тийиштүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын контингенттери жөнүндө Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына сунуштарды даярдайт;
10) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мобилизациялык даярдыгын, ошондой эле транспортту, байланышты жана өлкө калкын даярдоону жетектейт;
11) аскердик-транспорттук милдеттер, резервдик түзүлүштөр, чакыруу участокторуна жарандарды каттоону жүргүзүү, аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жөнүндө жоболорду бекитет;
12) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгилиндеги (өзгөчө мезгилдеги) шарттарда иштөөгө өткөрүү пландарын иштеп чыгууну жана аткарууну уюштурат;
13) коргоо кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу иш-чараларын пландайт, камсыздайт жана өткөрөт;
14) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн керектөөлөрү үчүн жерлерди, токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын берүү жана пайдалануу тартибин аныктайт;
15) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына жана жарандарына алардын мүлктөрүн коргоо муктаждыктары үчүн пайдаланууга байланыштуу чыгымдарынын ордун толтуруу тартибин аныктайт;
16) аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайрадан башкага багыттоо жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
17) Куралдуу Күчтөрдүн мобилизациялык керектөөлөрүнө ылайык жарандарды аскердик кызматка даярдоо маселелерин аныктайт;
18) мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде камтылган коргоо маселелери боюнча милдеттенмелерди аткарууну берилген ыйгарым укуктарынын чегинде уюштурат;
19) аскер кызматчыларын, аскердик кызматтан бошогон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык камсыздоо боюнча ишти уюштурат;
20) куралдарды жана аскердик техниканы, коргоо объекттерин жана башка аскердик-техникалык мүлктү берүү, ижарага тапшыруу, сатуу, жоюу жана эсептен чыгаруу тартибин белгилейт;
21) куралдардын жана аскердик техниканын, стратегиялык материалдардын, коргоо жаатындагы алдыңкы технологиялардын жана кош арналыштагы продукциянын экспортуна жана импортуна контролду уюштурат;
22) аскердик жана аскердик-техникалык маселелер боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө, аскердик коркунучтун деңгээлин өз ара төмөндөтүү жана жамааттык коопсуздук тутумун түзүү боюнча чараларды аныктайт;
23) аймактык коргоонун муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнү камсыздайт;
24) аскердик кызматты өтөө тартибин аныктайт;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын коргонуу жана аскердик коопсуздукту камсыздоо жаатында башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары
Мамлекеттик органдардын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкү маселелерди чечүү үчүн аныкталат:
1) коргоо муктаждыктары үчүн зарыл болгон продукцияны өндүрүү жана берүү;
2) экономиканы мобилизациялык даярдоо, согуш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыздоо боюнча чараларды жүргүзүү;
3) коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу иш-чараларын камсыз кылуу;
4) аймактык коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасын коргоону уюштурууга жана куралдуу коргоого катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка даярдоого катышуу;
7) Куралдуу Күчтөр менен бирдикте ыкчам жана мобилизациялык даярдоо;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка тапшырмалар.
15-берене. Коргоо маселесин тескеген мамлекеттик органдын милдеттери
Коргоо маселесин тескеген мамлекеттик органдын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мамлекеттик аскердик саясат боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
2) Куралдуу Күчтөрдү куруу, өнүктүрүү пландарын (программаларын) иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды ишке ашырууну контролдоо;
3) бюджетти түзүүдө коргоого кетүүчү чыгымдар жана мамлекеттик коргонуу заказы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) Куралдуу Күчтөр үчүн кадрларды даярдоону уюштуруу;
5) эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты ишке ашыруу;
6) коргоо чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ишти уюштуруу;
7) Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, аскердик кызматтан бошотулгандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жана укуктук коргоо боюнча сунуштарды даярдоо;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик саясат чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
Коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисинин кызматы саясий мамлекеттик кызмат орун болуп эсептелет, аны жарандык адамы ээлесе болот.”.
6. Төмөнкүдөй мазмундагы 151-берене менен толукталсын:
“151-берене. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын ыйгарым укуктары
1. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы:
1) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн башкаруу тутумун уюштурат жана Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарын жана бөлүктөрүн түздөн-түз башкарат;
2) Куралдуу Күчтөрдү колдонуу, мобилизациялык жайгаштыруу, ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдоо пландарын; коргоо кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу, аскерлерди жана аскердик объекттерди жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын аймагын коргоо жана Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо пландарын иштеп чыгат;
3) Куралдуу Күчтөрдү куруу, мобилизациялык жана ыкчам жайгаштыруу, колдонуу, Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдуу, аймакты коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыздоо пландарына ылайык өткөрүлүүчү иш-чараларды уюштурат жана камсыздайт;
4) Куралдуу Күчтөрдү куруу жана өнүктүрүү пландарын (программаларын), улуттук коопсуздук концепциясын, аскердик доктринаны, Кыргыз Республикасынын экономикасынын мобилизациялык пландарын иштеп чыгууга катышат;
5) мамлекетти коргоого кетүүчү чыгымдар боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
6) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн ыкчам, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын бирдиктүү тутумун уюштурат, алардын абалын контролдоону ишке ашырат;
7) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы жана саны боюнча, ошондой эле аймактык коргоонун күчтөрү жана каражаттары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
8) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын жетекчилиги алдында биргелешкен аракеттер үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штабдарын ыкчам даярдоону уюштурат;
9) аскердик кызматты өтөө тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Куралдуу Күчтөрдөгү кадрдык саясатты ишке ашырат;
10) аскерлердин коалициялык (жамааттык) топторунун жана тынчтыкты орнотуучу күчтөрдүн курамындагы бөлүкчөлөрдүн курамы, саны, материалдык-техникалык камсыздоо жана каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана коопсуздук кызыкчылыгында чалгындоо ишин жүзөгө ашырат;
12) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин коопсуздугун, маанилүү мамлекеттик, аскердик жана башка объекттерди абадан кол салуудан тосууну камсыздайт;
13) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу Планына ылайык, башкаруунун автоматташтырылган тутумдарын киргизүү менен байланышты жана кабарлоону уюштурууну жетектейт;
14) Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө маалыматтык, моралдык-психологиялык камсыздоо боюнча иш-чараларды пландайт жана уюштурат, алардын натыйжалуу аткарылышын контролдойт;
15) маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштердин уюштурулушун пландайт жана ишке ашырат, Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана аскердик сырды сактоо боюнча чараларды иштеп чыгат;
16) Куралдуу Күчтөрдү топографиялык камсыздоону ишке ашырат;
17) аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелеринин коопсуз учууларын камсыздайт; Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде аскердик (мамлекеттик) авиациянын аба кемелери менен болгон авиациялык окуяларды жана авиациялык инциденттерди иликтөөгө катышат;
18) Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн куралдарынын, аскердик техникаларынын жана унаа каражаттарынын коопсуз пайдаланылышын уюштурат;
19) коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдар менен биргеликте эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын иш-чараларын жүзөгө ашырат;
20) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык террорчулук менен күрөшүү жаатында, аймактык коргоону жана жарандык коргонууну уюштурууда өз ара аракеттенет;
21) мамлекеттик материалдык резервде ыкчам-стратегиялык запастарды түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
22) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн аскер кызматчылары үчүн аскер кийим формасы жана аларды кийүүнүн эрежелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
23) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кол алдындагы кошуундарга, бөлүктөргө жана мекемелерге финансылык, техникалык, ооруктук жана башка түрдүү камсыздоону жана материалдык каражаттардын аскердик запастарын жана Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмүн түзүүнү ишке ашырат;
24) өзүнүн компетенциясынын чегинде Куралдуу Күчтөрдүн жана ага баш ийген кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин керектөөлөрүн камсыздоого багытталган чарбалык жана башка ишти уюштурат жана жүргүзөт.
2. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысына Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү колдонуу, мобилизациялык жайылтуу пландарын; коргоо, аскерлерди жана аскердик объекттерди жайгаштыруу кызыкчылыгында мамлекеттин аймагын ыкчам жабдуу, Кыргыз Республикасынын аскер коопсуздугун камсыздоо пландарын берет;
2) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоо планын бекитет;
3) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдарынын, бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларына аскердик наамдарды ыйгарат;
4) контракт боюнча аскердик кызматты өтөө тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актыларга ылайык кызмат адамдарын кызмат ордуна дайындайт жана андан бошотот;
5) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын чечимдери Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын ыйгарым укуктарынын чегинде анын буйруктары жана директивалары менен ишке ашат, алар ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо коргоого жана коопсуздукту камсыздоого тартылуучу Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү.”.
7. 16-беренеде:
8-пункттагы “жарандык жана аймактык коргоо” деген сөздөр “аймактык коргоо жана жарандык коргонуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкү мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
“81) резервдик түзүлүштөргө аскерге милдеттүүлөрдү тандоого, каттоого катышуу, аларды даярдоону уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоого;”;
9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“9) жарандык коргонууну жана аймактык коргоону уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабына киргизүүгө;”.
8. 17-берененин 2-пунктундагы “коргоо” деген сөз “коргонуу” деген сөзгө алмаштырылсын.
9. 18-берененин 2-пунктундагы “жарандык жана аймактык коргоо” деген сөздөр “аймактык коргоо жана жарандык коргонуу” деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 21-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Кыргыз Республикасын аймактык коргоого резервдик түзүлүштөр, Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын, мамлекеттик органдарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартылат.”.
11. 22-берененин расмий тилде берилген редакциясындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү “коргоо” деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү “коргонуу” деген сөз менен алмаштырылсын.
12. 23-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“23-берене. Коргоону каржылоо
Коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардан ишке ашырылат.”.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун демилгелесин.
Кыргыз Республикасынын Президенти