Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-декабры № 668
«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
89-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактар өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталышын колдонууга укуксуз».
2-берене.
Өзүнүн аталышында мамлекеттик (муниципалдык) органдардын аталышын, ошондой эле саясий (атайын) жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарына кирген кызмат орундарынын аталыштарын колдонгон жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактар ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн аталышын өзгөртүүгө милдеттүү.
Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып өзүнүн аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир жылдын ичинде белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өтпөгөн юридикалык жактар юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо функцияларын ишке ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|