Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 597 токтому менен бекитилген |
Инфекциялык эмес оорулар (ИЭО) көйгөйү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн күн тартибинде турат, анткени ИЭО ооруга чалдыгуулардын жана өлүмгө учуроонун негизги себептеринин бири болуп эсептелет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (мындан ары - ДССУ) маалыматы боюнча 2030-жылы ИЭОго дүйнөдөгү бардык өлүмгө учуроонун 75% туура келет. 2000-жылы ДССУ тарабынан ИЭОну алдын алуунун жана ага каршы күрөшүүнүн глобалдуу стратегиясы кабыл алынган.
ИЭО боюнча Биринчи глобалдуу министрликтер конференциясында кабыл алынган Москва декларациясы (2011-жылдын апрели) - ИЭОну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү бардык деңгээлдерде жөнгө салууну жана көп деңгээлдүү жана секторлор аралык чаралардын кеңири чөйрөсүн ишке ашырууну талап кыла тургандыгын белгилейт. Бул чаралар сергек турмуш үлгүсүндөгү жашоо үчүн керектүү шарттарды түзүү максатында ИЭО детерминанттарынын бардык спектрине багышталышы керек (жеке деңгээлден түзүмдүк деңгээлге чейин). Бул өлкө үчүн экономикалык түйшүктү азайтуу максатында эң эрте стадияда ИЭОну айкындоого жана алдын алууга, пациенттерди сапаттуу жана арзан медициналык жардам менен камсыздоого багытталган тиешелүү мыйзамдарды кабыл алууну болжолдойт.
БУУнун Башкы Ассамблеясында мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары жана өкүлдөрү колдогон ИЭОну алдын алуу жана аны менен күрөшүү декларациясы (сентябрь, 2011-ж.) ИЭОну ХХI-кылымдын негизги чакырыгы катары карайт, ал дүйнө жүзүндөгү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн кедерин кетирип, өнүктүрүү жаатында эл аралык деңгээлде макулдашылган максаттарга жетишүүгө коркунуч келтирет. ИЭО көйгөйүнө жооп берүү процессинде мамлекеттердин жоопкерчилигин таанып, дүйнөлүк коомчулук ИЭО менен күрөшүү жана аны алдын алуу максатында натыйжалуу жооп берүүнү камсыз кылуу үчүн коомдун бардык катмарынын катышуусу зарыл экендигин баса белгилейт.
ДССУ бардык мүчө мамлекеттерди өнөкөт оорулардын алдын алуу жана алар менен күрөшүү жаатында өзүнүн мамлекеттик саясатын иштеп чыгууга чакырды, ал ИЭОну контролдоо жана алдын алуунун 2013-2020-жылдарга глобалдуу стратегиясы үчүн иш-аракеттер планынын жоболору менен аныкталышы керек. ДССУ негизги өнөкөт оорулардын төрт тобун бөлүп чыгарды: жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өнөкөт обструктивдүү өпкө оорулары, диабет. Бул нозологиялык топторду кыймыл-аракет активдүүлүгүнүн төмөндүгү, алкоголду зыяндуу керектөө (ичүү), туура эмес тамактануу, тамеки чегүүгө окшогон алдын алууга мүмкүн болгон жана турмуш үлгүсүнө байланыштуу тобокелдин жалпы факторлоруна жана аларды алдын алуунун жалпы мүмкүнчүлүктөрү бириктирет. Өз кезегинде булар тобокелдин төрт биологиялык факторлору менен - ашыкча толуктук, артериялык кан басымдын жогорулугу, май жана көмүр суутек алмашуусунун бузулушуна тыгыз байланышкан.
ДССУ жүргүзгөн оорулардын кырсыгынын талдоосу көрсөткөндөй, оорулардын жалпы кырсыгынын 60% тобокелдүү 7 негизги факторлорго тиешелүү: артериялык кан басымдын жогору болушу (12,8%); тамеки чегүү (12,3%); алкоголдук зыяндуулугу (10,1%); канда холестериндин көп болушу (8,7%); дене салмагынын ашыктыгы (7,8%); жашылча-жемиштерди жетишсиз керектөө (4,4%) жана кыймыл-аракеттин төмөндүгү (3,5%).
ДССУ маалыматтары боюнча ИЭОнун негизги тобокелдүү факторлорунан арылуу жүрөк ооруларынын, инсульттун жана 2-типтеги диабеттин 80% жана рак оорусунун 40% кутулууга алып келет. Бирок, көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да, саламаттык сактоо кызматтары көңүлдү негизинен ИЭО алдын алууга эмес, дарылоо маселелерине бөлүшөт.
Кыргыз Республикасында, башка көп өлкөлөрдөй эле, ИЭО эмгекке жарамсыздыктын, ооруларга чалдыгуунун жана калктын эрте өлүмгө учуроосунун негизги себеби болуп эсептелет. Республикалык медициналык-маалыматтык борбордун (мындан ары - РММБ) маалыматы боюнча 2012-жылы Кыргыз Республикасынын калкынын өлүмгө учуроо себептеринин түзүмүндө жүрөк-кан тамыр оорулары 50,1% түзүп, алдыңкы орунду ээлейт. Экинчи орунду травмалар жана уулануулар (10,1%), үчүнчү орунду - залалдуу шишиктер (9,4%) жана дем алуу органдарынын оорулары (7,2%) ээлейт. Ошентип, көрсөтүлгөн маалыматтар Кыргыз Республикасында өлүмгө учуроонун негизги себептери инфекциялык эмес оорулар экенин көрсөтөт.
ИЭО Кыргызстандын калкынын өлүмгө учуроосунун жогору болушун гана шарттабастан, адамдардын майыптыгынын жана эмгекке жарамдуулугун эрте жоготуусунун негизги себептери болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын эр жеткен калкынын майыптыкка алгачкы чыгуусунун себептеринин көпчүлүгүн жүрөк-кан тамырлар оорулары түзөт (19,6%), бул көрсөткүч башка ооруларга караганда кыйла көп (РММБ, 2011-ж.). Белгилеп кетчү нерсе, өнөкөт обструктивдүү өпкө оорулары, диабет жана залалдуу шишиктер республиканын эр жеткен калкынын майыптыгынын көпчүлүгүн түзөт.
РММБ маалыматы боюнча (2012-ж.), Кыргызстанда ИЭОго чалдыгуулардын жогорку деңгээли белгиленди: жүрөк-кант тамыр оорулар - 100 миң адамга 4877, рак оорулары - 100 миң адамга 90,4, диабет - 100 миң адамга 88,2.
Кыргыз Республикасында жалпы өлүмгө учуроо, калктын ооруга чалдыгуусу жана майыптыгы көбүнесе инфекциялык эмес оорулардын таралышынын деңгээлин жана активдүү дарылоо-алдын алуу боюнча кийлигишүүлөр тактикасын жана стратегиясын аныктоодо артыкчылыктарды так айкындоону талап кылаарын белгиледи, ИЭО менен күрөшүүнү комплекстүү уюштуруу Кыргызстан калкынын ден соолук көрсөткүчтөрүнүн начарлап кетүү процессин жөн гана токтотпостон, кийин анын оңолушуна жетишүүгө жардам берет.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир катар чечилбеген көйгөйлөр бар, ошондуктан ИЭО менен күрөшүүдө коомдук саламаттык сактоонун ролун так аныктоо керек. Саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде ИЭО дарылоо, эрте аныктоо, алдын алуу маселелери, ошондой эле негизги ИЭОдо эң керектүү диагностикалык жана дарылоо технологияларынын жетиштүү маселелери андан ары иштеп чыгууну талап кылат. Менеджменттин жаңы мамилелерин ишке киргизүү ИЭО бейтаптарын саламаттык сактоонун экинчи жана үчүнчү деңгээлдерине багыттоо системасын оптималдаштырууга жардам берет.
Кыргыз Республикасында 2013-2020-жылдарга карата инфекциялык эмес ооруларды контролдоо жана алардын алдын алуу программасынын негизине БУУнун жогорку деңгээлдеги Кеңешмесинин Саясий декларациясына негизделген, улуттук деңгээлде ИЭО менен күрөшүүдө көбүрөөк интеграциянын, координациялык жана макулдашылган аракеттердин зарылдыгы жөнүндө ИЭО боюнча ДССУнун сунуштары алынган.
Бул Программаны ишке ашыруунун негизги багыттары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2012-2016-жылдардагы "Ден соолук" улуттук программасында каралган иш-чараларга ылайыкташтырылган.
2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо программасынын (мындан ары - Программа) максаты Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуунун жана контролдоонун улуттук системасын түзүү болуп саналат.
Программа төмөнкүлөргө багытталат:
1) ИЭО себебинен Кыргыз Республикасынын калкынын ооруга чалдыгуусунун, эрте өлүмгө учуроолорунун, майыптыгынын деңгээлин төмөндөтүү;
2) ИЭОнун тобокелдик факторлорунун таркалышын азайтуу;
3) ИЭОнун негизги тобокел факторлорун контролдоо боюнча комплекстүү аракеттердин жардамы менен секторлор аралык аракеттенүү принциптеринде ИЭОнун социалдык жана экономикалык оордугун төмөндөтүү жана далилдүү медицинанын принциптеринин негизинде медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу.
Программанын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) ИЭО контролдоо жана алдын алуу артыкчылыгын жогорулатуу үчүн секторлор аралык кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн натыйжалуу системасын түзүү;
2) саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде тобокел факторлорун жана негизги ИЭОнун таркалышын изилдөөнү жана баалоону жүргүзүү;
3) ИЭО жалпы модификацияланган тобокел факторлорунун калктын деңгээлине жана айрым адамдарга таасирин азайтуу: тамеки тартуунун, туура эмес тамактануунун, дене кыймылы аздыгына жана алкоголду зыяндуу керектөөгө (ичүүгө);
4) далилдүү медицинанын принциптерине шайкеш келген, жеткиликтүү кийлигишүүлөрдү колдонуп, саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринде ИЭОдо медициналык жардам көрсөтүү сапатын жакшыртуу;
5) географиялык жашоо шарттарына, транспорттун жетишине жана киреше деңгээлине карабай калктын медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүндөгү теңсиздикти төмөндөтүү.
Коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүү максатында Программаны ишке ашыруунун жетектөөчү принциптерин аныктоо маанилүү болот. Ал үчүн ДССУ жана ИЭО менен күрөшүү боюнча башка эл аралык уюмдардын сунуштары колдонулду, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде алдын алуучу чаралардын маанисинин артыкчылыктуулугу;
2) жарандардын социалдык статусуна, алардын киреше деңгээлине жана жашаган жерине карабай, ИЭОну контролдоо жана алдын алуу боюнча иш-чаралардын жеткиликтүүлүгү;
3) алдын алуу кийлигишүүлөрүнүн жана ден соолукту чыңдоо боюнча аракеттердин адамдын бүткүл өмүрүндөгү үзгүлтүксүздүгү;
4) коомчулуктун жана пациенттердин ролун күчөтүү, өзүнүн ден соолугу жана өз жакындарынын ден соолугу үчүн адамдын жоопкерчилигин жогорулатуу;
5) секторлор аралык мамиле - мамлекеттик түзүмдөрдүн, коомдук уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын өздөрүнүн ИЭОну контролдоо жана алдын алуу программасын ишке ашыруу жана калыптандыруу боюнча аракеттерин консолидациялоо;
6) ИЭО менен күрөшүү жана алдын алуу ишинде социалдык акыйкаттуулукту бекемдөө.
Секторлор аралык мамлекеттик саясат акыйкаттуу негизде ден соолукту чыңдоого көмөктөшкөн чөйрө түзүүнү камсыз кылышы керек, бул айрым адамдарга, үй-бүлөлөргө жана жергиликтүү коомчулукка сергек жашоону жана дени сак жашоону тандоого жардам берет. Ден соолукту чыңдоо жана сактоо максатында жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү жана сергек жашоого калкты демилгелөөгө көмөктөшкөн натыйжалуу саясатты иштеп чыгуу үчүн жарандык коомдун бардык секторлору менен кызматташууну жана өнөктөштүктү өнүктүрүү керек. Секторлор аралык өз ара аракеттенүү макулдашылган коомдук саясатты иштеп чыгууга, программаны ишке ашыруу боюнча алдын алууну, мониторингди жана бардык аракеттерге баа берүүнү жүргүзүүдө жөндөмдүүлүктү, компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталат.
Векторлору:
1) иш-милдетине бардык кызыкдар тармактар жана секторлор арасында иш-чараларды координациялоо кирген, ИЭОну контролдоо жана алдын алуу боюнча маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктуу болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлиндеги Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңешти түзүү;
2) ар кандай кызыкдар ведомстволор жана секторлор деңгээлинде ИЭОнун негизги тобокел факторлорунун таасиринин алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-чаралар;
3) ИЭОну контролдоо жана алдын алуу боюнча ар кандай секторлор жана мекемелер ортосунда өз ара аракеттенүүлөрдү координациялоо;
4) тамеки тартууну контролдоо саясатын далилдүү негизде ылайыкташтыруу жана ишке киргизүү;
5) алкоголдук ичимдиктерди зыяндуу керектөөнү (ичүүнү) азайтууну контролдоо саясатын ишке киргизүү;
6) тамак-аш тузун керектөөнү контролдоо саясатын ишке киргизүү;
7) турак жай ичинде абанын булганышын контролдоо саясатын ишке киргизүү.
Бүгүнкү күндө саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде негизги ИЭОго жана анын тобокел факторлоруна байланыштуу кырдаал боюнча толук маалымат жок. Бул контекстте эки маселени чечүү керек. Биринчиден, негизги ИЭО жана анын тобокел факторлорунун таркалышын баалоо муктаждыгы бар, экинчиден, жеткиликтүү диагностикалык, дарылоо жана алдын алуучу кийлигишүүлөргө талдоо жүргүзүү керек.
Баштапкы деңгээлде өткөрүлгөн иш-чаралардын төмөнкүдөй артыкчылыктары бар: материалдык жана убактылуу чыгымдарды үнөмдөө, үй-бүлөлүк дарыгерлер тармагы жана орто медициналык кызматкерлер аркылуу пациенттерди байкоого алуунун жөнөкөйлүгү. Мында артыкчылыктарды аныктоо, баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде ИЭОну контролдоонун жана алдын алуунун кызматтар пакетин пайдалануу, ДССУ сунуштаган баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги ИЭОну контролдоо жана алдын алуу боюнча интеграцияланган клиникалык протоколдорду ылайыкташтыруу жана ишке киргизүү, медициналык кызматкерлерге үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү өтө маанилүү.
Векторлору:
1) саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде негизги ИЭОнун жана анын тобокел факторлорунун таркалышын баалоо, "Өзүңдүн кан басымын билип ал" акциясын жыл сайын өткөрүү, тобокел факторлорун амбулаториялык картага каттоону жүргүзүү;
2) негизги ИЭОдо диагностикалык, дарылоо жана алдын алуучу кийлигишүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү боюнча саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинин потенциалын баалоо;
3) баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде ИЭОнун негизги тобокел факторлорун жөнгө салуу жана контролдоо, дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү.
Алдын алуучу иш-чаралар жеке жана популяциялык деңгээлдерде ийгиликтүү жүргүзүлүүдө. Мында сергек жашоо муктаждыгын калыптандыруу, ИЭОнун негизги тобокелдик факторлору жана алардын алдын алуу мүмкүндүктөрү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу ИЭОго карата ден соолукту чыңдоонун натыйжалуу, экономикалык жана финансылык жактан жеткиликтүү мамилесин колдонуу максатка ылайык. Иш-чаралар баштапкы саламаттык сактоо деңгээли жана коомдук саламаттык сактоо кызматтарынын өз ара аракеттенүүсү аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Векторлору:
1) илимий-популярдуу маалыматтык материалдарды таркатып, ЖМКны тартуу менен, ошондой эле ден соолук мектептеринин жана астма кабинеттеринин, "ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин" ролун жогорулатып, активдүү тартуу менен жеке жана популяциялык деңгээлдерде ИЭОну жана тобокелдик факторлорун контролдоо жана алдын алуу боюнча билим берүү иш-чаралар комплексин жүргүзүү; "Ден соолук ооруканалары, Үй-бүлөлүк медициналык борборлору", "Ден соолук ЖОЖдору, лицейлери, тамеки түтүнсүз мектептер" пилоттук долбоорлорун жүргүзүү;
2) бала чактан тартып, өмүр бою сергек жашоо принциптерин ишке киргизүү, анын ичинде "Эмчек эмизүү" программасын ишке ашыруу жана жыл сайын "Ден соолук күнүн" өткөрүү;
3) айылдык ден соолук комитеттери аркылуу ИЭОнун алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча өнөктүктөргө жана программаларга калкты активдүү тартуу.
Медициналык кызмат көрсөтүүнүн бардык этаптарында алдын алуу жана дарылоо-диагностикалык жардамды уюштурууну оптималдаштыруу ИЭОдон болгон майыптык, өлүмгө эрте учуроолор жана ооруларга чалдыгуу көрсөткүчүн төмөндөтүүдө чечкиндүү ролду ойнойт.
Векторлору:
1) медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этаптарында, бардыгынан мурда тобокелдүү топторду аныктоого, эрте диагностикалоого жана ИЭОну контролдоого багышталган саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлинде менеджментти өркүндөтүү жана оптималдаштыруу;
2) баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде ИЭОну контролдоо жана алдын алуу кызматтарынын пакетин колдонуу, ДССУ сунуштаган баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги ИЭОну контролдоо жана алдын алуу боюнча интеграцияланган клиникалык протоколдорду адаптациялоо жана ишке киргизүү (баштапкы деңгээлде аткарууга мүмкүн болгон иш-чаралардын негизги топтому);
3) ИЭОну алдын алуу, эрте диагноздоо жана дарылоо өзгөчө өткүр коронардык синдромдо реабилитациялык иш-чаралар маселелери боюнча кадрдык потенциалдык өнүктүрүү жана чыңдоо.
ДССУнун "Ден соолук-2020" стратегиясынын башкы максаттары - калктын ден соолугун жакшыртуу жана бейпилдик деңгээлин жогорулатуу, ден соолукка карата теңсиздикти азайтуу, коомдук саламаттык сактоону чыңдоо жана адамга багышталган саламаттык сактоонун универсалдуу, социалдык жактан акыйкаттуу, туруктуу жана сапаты жогору системаларын камсыз кылуу. Өлкөдө географиялык жашоо шарттары, транспорттун жетүүсү жана киреше деңгээли менен шартталган медициналык жардам алуудагы тоскоолдуктар бар.
Векторлору:
1) Баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде, анын ичинде ИЭОдо социалдык жана географиялык шарттарга жараша калктын медициналык кызматтарды алуусундагы теңсиздиктен арылуу;
2) баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине транспорттун жетүүсүн өркүндөтүү, баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелеринин ишин эске алып, жүргүнчүлөр автоунаасынын "максаттуу" каттамдарын уюштуруу;
3) ИЭОдо үй чарбаларына болгон экономикалык түйшүктү азайтуу жана киреше деңгээли төмөн адамдарга колдоо көрсөтүү.
Программаны ишке ашырууга жагымсыз таасир бериши мүмкүн болгон жана пландалган көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүндүк бербеген жагдайларга, иш-чараларды каржылоонун көлөмүн кыскартуу кирет.
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алуу максатында төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) жыл сайын жетишкен натыйжаларга жараша Программанын иш-чараларын ишке ашырууга каралган, финансы каражаттарынын көлөмүн тактоо;
2) биринчи кезекте каржылоо үчүн артыкчылыктарды аныктоо;
3) бюджеттен тышкары каржылоону, гранттарды жана инвестицияларды тартуу.
Программаны ишке ашыруу үчүн ресурстардын ар кандай түрлөрү, анын ичинде адамдар, техникалык жана финансылык каражаттар пайдаланылышы мүмкүн. Программаны ишке ашыруу тиешелүү жылда министрликтерге жана администрациялык ведомстволорго каралган каражаттардын алкагында, ошондой эле кошумча каржылоо булактарынын эсебинен иш-чараларды аткарууну караштырат. Айрым иш-чаралар донордук каржылоону тартуу менен ишке ашырылат. Программанын жалпы бюджети 892,2 млн. сомду түзөт.
Программаны каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин;
- жеке сектордун, анын ичинде өндүрүштүк инвестициялоонун, демөөрчүлүктүн, кайрымдуулуктун, чарба субъекттеринин чегерүүлөрүнөн;
- гранттардан жана инвестициялардан;
- эл аралык донорлордун жана эл аралык уюмдардын каражаттарынан.
Программа эки этапта ишке ашырылат:
1 этап: 2013-2016-жылдар. Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2012-2016-жылдардагы "Ден соолук" улуттук программасынын иш-чаралары менен координацияланып жүргүзүлөт;
2 этап: 2017-2020-жылдар. Программаны ишке ашыруу аны ишке ашыруу Планына ылайык жүргүзүлөт.
Программаны толук аткаруу үчүн аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы иштелип чыккан.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, эл аралык жана башка өнөктөш уюмдар иш-чараларды даярдоодо, ишке ашырууда жана баалоодо техникалык жардам көрсөтүшөт.
Программада каралган иш-чаралардын натыйжалуулугу эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн натыйжалары, ИЭО өнүгүүсүнүн тобокелдик факторлоруна мониторинг жүргүзүү, ошондой эле медициналык статистиканын (РММБ, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети) маалыматтары боюнча бааланат.
Программанын мониторинги жана баалоо төмөнкү элементтерди камтыйт (ДССУ сунуштары боюнча):
1) ИЭОнун тобокелдик факторлору жана ден соолук детерминанттары (тобокелдик факторлорунун мониторинги);
2) ИЭОго чалдыгуулар жана ИЭОдон өлүмгө учуроолор (ИЭОнун таасир берүүсүнүн натыйжаларына мониторинг жүргүзүү);
3) саламаттык сактоо системасынын реакциясынын мониторинги: кийлигишүүлөр жана кубаттуулуктар (текшерүүнүн негизги методдорунун, дары препараттарынын калкка жеткиликтүүлүгү жана калктын ден соолук көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү ж.б.).
Программанын аткарылышын жалпы контролдоо Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Координациялык кеңеш аркылуу Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлгөн.
Жыл сайын, үстүбүздөгү жылдын 15-декабрынан кечиктирбей, Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруучулар Саламаттык сактоо министрлигине аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө кат жүзүндө маалымдап турууга милдеттүү. Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз жарыяланып турат.
Кант диабети менен ооруган бейтаптарга сапаттуу медициналык жардамды көрсөтүү үчүн бейтаптардын регистрин жүргүзүүнү улантуу керек, бул пациенттерге адистештирилген жардам берүүнү натыйжалуу пландаштырууга жардам берет.
ИЭОго жана тобокелдик факторлоруна байкоо жүргүзүү системасына туруктуулукту амбулаториялык бейтаптын медициналык карталарын толтуруу аркылуу, саламаттык сактоонун улуттук маалыматтык системасына ИЭОго мониторинг жүргүзүүнү камтуу берет. ИЭО боюнча өз убагындагы жана шайкеш маалымат чектелген финансылык ресурстарды натыйжалуу пландаштырууга жана пайдаланууга мүмкүндүк берип, жакын арада жана кийинки келечекте ИЭО түйшүгүн азайтат.
Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы Программанын милдеттерин, милдеттерге ылайыктуу компоненттерди, Программанын ар бир компонентинин алкагында жалпыланган иш-чаралар топтомун жана ар бир компоненттин акыркы натыйжаларына жетишүү боюнча конкреттүү активдүүлүктөрдүн тизмесин (кадамдар, иш-чаралар ж.б.) чагылдырат.
Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы конкреттүү иш-аракеттерди аткаруунун этаптуулугун, мөөнөтүн, иш-чараларды каржылоонун алдын ала көлөмүн жана конкреттүү иш-чараларды ишке ашырууга жооптуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарын көрсөтөт.
Төмөнкү натыйжаларга жетишүү пландаштырылууда:
1) 15 жаштагы жана андан улуу адамдар арасында тамеки тартууну 15%га салыштырмалуу төмөндөтүү;
2) жетишсиз кыймыл-аракет активдүүлүгүнүн жайылышын 10%га салыштырмалуу төмөндөтүү;
3) алкоголду зыяндуу керектөөнү, тиешелүү учурларда, 10% кем эмес салыштырмалуу кыскартуу;
4) диабет алдындагы абалдын диабетке өтүшүнө бөгөт коюу;
5) жүрөк кан-тамыр ооруларынан, рактан, диабеттен, өнөкөт респиратордук оорулардан жалпы өлүмгө учуроолордун көрсөткүчүн турукташтыруу;
6) туз/натрийди орто популяциялык керектөөнү 30%га салыштырмалуу төмөндөтүү;
7) гипертониялык ооруну натыйжалуу контролдоо системасынын көрсөткүчүн 2,4%дан 4,3%га чейин көбөйтүү;
8) катуу кармаган миокард инфаркты менен ооруканага жаткырылган, стандарттуу кызматтар пакетин алган пациенттердин санын көбөйтүү;
9) белгилүү критерийлерге жооп берген (40 жаштан ашкан жүрөк-кан тамыр оорулары, инсульт, инфаркт тобокелиндеги), 50% кем эмес адамдардын жүрөк ооруларын жана инсульттарынын алдын алуу үчүн дары-дармек терапиясын алышы жана аларга консультация (анын ичинде гликемиялык контролдоону) берүү;
10) баасы арзан диагностикалык жана негизги дарылоо технологияларынын, дары каражаттарынын, анын ичинде мамлекеттик да, жеке да мекемелерде 75% деңгээлди талап кылган генериктердин орун алышы;
11) онкологиялык оорулардан өлүмгө учуроо деңгээлин 1,4%га төмөндөтүү жолу менен залалдуу шишиктери бар бейтаптардын жашоосунун күтүлгөн узактыгын (5 жыл ичинде аман калуулар), жашоо сапатын 100 миң адамга 2,1 жогорулатуу.