Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-марты № 148
"Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөрүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ кичи станциясын куруу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 19-июнундагы № 86 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ кичи станциясын куруу" долбоорун каржылоо боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Токтогул райондорунун, Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунун, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун, Чүй облусунун Кемин жана Жайыл райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги:
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 500 кВ "Датка-Кемин" асма электр өткөрүү линиясы, 200 кВ электр өткөрүү линиясы үчүн түркүктөрдү орнотуу, 500 кВ "Кемин" подстанциясын куруу, баруучу убактылуу жолдорду салуу, ошондой эле аларды тейлөө үчүн керектүү имараттарды куруу максатында жерлерди жана мамлекеттик токой фондунун жер участокторун акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга беришсин;
- жеке жана юридикалык жактардын менчигинде турган жер участокторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна компенсация төлөө милдетин тапшыруу менен кайра алышсын;
- жогоруда аталган объекттерди куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө уруксат документтерди тариздешсин;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна берилчү жер участокторду пайдалануу укугун белгиленген тартипте каттасын жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү "Датка-Кемин" 500 кВ электр берүү линиясын жана "Кемин" 500 кВ кичи станциясын куруу" долбоорун (мындан ары - долбоор) ишке ашырууда "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна (заказчыга) жана Кытай Эл Республикасынын "Тебиан Электрик Аппаратус Сток Компани Лтд." (Tebia№ Electric Appartus Stock Co., Ltd (TBEA) компаниясына (аткаруучуга) керектүү жардам көрсөтүшсүн, ошондой эле "Датка-Кемин" 500 кВ жогорку вольттуу линияны куруу үчүн участокту (трассаны) тандоо боюнча ишке түздөн-түз катышышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жогоруда аталган объекттерди параллель долбоорлоого жана курууга уруксат берсин жана ушул долбоор боюнча объекттердин курулушун баштоого уруксат берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн мамлекеттик көзөмөлгө жана контролго алсын, ошондой эле курулуп бүткөн объекттерди белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алууну камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги иштөө максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгектик миграция үчүн 2013-жылга жана андан кийинки жылдарга карата квотаны Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча түзүүдө жана кайрадан бөлүштүрүүдө жогоруда аталган долбоордун ишке ашырылышын эске алсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жабдуулардын жана материалдардын аталган долбоор боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык артыкчылыктуу тартипте бажылык таризделишин камсыздасын.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыздоого жардам көрсөтүшсүн:
- атайын жана бөлүнбөс жүк салынган транспорт каражаттардын Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча тоскоолдуксуз өтүшүн;
- жабдуулардын жана материалдардын жүк тартуучу автотранспорт менен Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча тоскоолдуксуз ташылышын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |