Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-декабры № 680
Автоунааларды мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Шабазов Бахридин Валиевичтин арызынын негизинде: 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № ST 215-3048789 "Toyota Caldina" маркасындагы; 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № SXN 410-0051613 "Toyota nadia" маркасындагы; 2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RCH 41-0042475 "Toyota Hiace-Regius" маркасындагы автоунааларды мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде тариздөөнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды белгилен-
ген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунаалардын наркын баалоону жүргүзсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |