Редакцияот 18.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылды 18-декабры № 676

2013-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган Финансылык жардам көрсөтүү (“Ат-Башы ГЭСин  кайра конструкциялоо” долбоору) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн жана “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун ортосундагы макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Тиркелген: 2013-жылдын 21-майында Бишкек шаарында кол коюлган Финансылык жардам көрсөтүү (“Ат-Башы ГЭСин кайра конструкциялоо” долбоору) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн жана “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун ортосундагы макулдашуу бекитилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнө кабарласын.

3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев