Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-декабры № 681
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишин текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоонун критерийлеринин 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"10. Жылуулук энергиясын өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө субъекттердин тобокелдик даражасын аныктоо:
№ | Критерийдин аталышы | Балл |
| Мүмкүн болгон зыян келтирүү даражасы |
|
1 | Жылуулук электр станциялары | 90 |
2 | Жылуулук тармактары - жылуулук электр станциялардан чыгуучу магистралдык өткөрүүчү түтүктөр | 90 |
3 | Отканалар: |
|
өндүрүмдүүлүгү 3 Гкал/сааттан көп суу ысытуучу казандар менен; | 85 | |
өндүрүмдүүлүгү 100 т/саатка чейинки буу казандар; | 80 | |
өндүрүмдүүлүгү 3 Гкал/сааттан аз суу ысытуучу казандар | 55 | |
4 | Ири жана орто өнөр жай ишканалары: |
|
Өз отканаларынан камсыз болуучулар; | 50 | |
технологиялык процесске катышкан, жылуулук пайдалануучу орнотмолору барлар | 45 | |
5 | Керектөөчүлөр | 25 |
| Текшерүүлөрдүн натыйжалары |
|
6 | Бузулууларды жоюу боюнча сунуштар аткарылган эмес | 30 |
7 | Бузулууларды жоюу боюнча сунуштар жарым-жартылай аткарылган | 10 |
8 | Бузулууларды жоюу боюнча сунуштар толук аткарылган | - 20 |
Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча тобокелдик даражасы мүмкүн болгон зыян келтирүү даражасына жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктарына жараша баллды суммалоо же алып салуу менен аныкталат:
1) бузулууларды толук жоюу боюнча сунуштар аткарылган шартта, адегенде тобокелдиктин орточо даражасына кирген ишкердик субъекттери кийинки текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тобокелдиктин орточо даражасынан тобокелдиги анча-мынча болгон даражага өтөт;
2) бузулууларды жоюу боюнча сунуштар аткарылбаган шартта:
а) мурда тобокелдиктин орточо даражасына кирген ишкердик субъекттери, кийинки текшерүүдө мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда, тобокелдиктин орточо даражасынан тобокелдиктин жогорку даражасына өтөт;
б) мурда тобокелдиктин анча-мынча даражасына кирген ишкердик субъекттери, кийинки текшерүүдө мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда, тобокелдиктин анча-мынча даражасынан тобокелдиктин орточо даражасына өтөт.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары, мүмкүн болгон зыян келтирүү даражасы 70 баллдан жогору бааланган субъекттердин тобокелдик даражасына таасир этпейт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |