Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 19-декабры № 683

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин дисциплинардык уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин Дисциплинардык уставынын жоболорун Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 526 "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин Дисциплинардык уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлеринин Дисциплинардык уставында:

- 18-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев