Редакцияот 19.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 19-декабры № 684

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

"6304", "569" цифралары тиешелүү түрдө "6254", "619" цифраларына алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев