Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-декабры № 685
"Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 11-апрелиндеги протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 11-апрелиндеги протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 11-апрелиндеги протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Астана шаарында 2003-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 11-апрелиндеги протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Казакстан тарапка билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти