Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-декабры № 688
Мектепке чейинки билим берүү объекттерин Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине берүү жөнүндө
Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун мамлекеттик колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- Кара-Балта шаары, Железнодорожная көчөсү, 84 дареги боюнча жайгашкан, мурдагы "Колосок" бала бакчасынын имаратын;
- Кара-Балта шаары, Жайыл-Бааатыр көчөсү, 307 дареги боюнча жайгашкан мурдагы бала бакчасынын имаратын.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктуна ылайык пайдаланууну камсыздоо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-сентябрындагы № 630-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун 1-пунктунун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, 2-пункттун аткарылышын контролдоо билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |