ТоктомКүчүндө

Постановление Правительства КР от 20 декабря 2013 года № 691 «О делегировании полномочий Министерству финансов Кыргызской Республики по принятию нормативных правовых актов по бухгалтерскому учету и отчетности для бюджетных учреждений»

Редакция20.12.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 20-декабры № 691

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукка карата ченемдик укуктук актыларды  кабыл алуу боюнча  ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

Мамлекеттик финансыны башкарууда реформаларды сапаттуу жана натыйжалуу жүргүзүү,  бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук тутумун өркүндөтүү максатында, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик эсепти уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктар берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2014-жылдын 1-июлуна чейинки  мөөнөттө коомдук сектор үчүн Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык документтерди министрликтин буйругу менен бекитсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев