КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 707
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 22-июлундагы № 397-б буйругун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлери мамлекеттик фондунун 37,82 га жери, анын ичинде 1,8 га кайрак айдоо аянты жана көп жылдык бак-дарактар ээлеген 36,02 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- кезектүүлүккө ылайык жер участокторун максаттуу бөлүштүрүүнү бекем сактоону камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |