Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-декабры № 693
"2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз - Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы Тараз-Талас (III фаза) автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча Насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Сауд Өнүктүрүү Фондуна билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти