Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-декабры № 694
“Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
-“Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 21-майында кол коюлган, “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европалык кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти