Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 701 токтому менен бекитилген |
1. Спорттун түрлөрүн жана спорттук сабактарды Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрүнүн жана спорттук сабактарынын улуттук реестрине киргизүү эрежелери жана аны жүргүзүү тартиби (мындан ары - Эреже) Кыргыз Республикасынын аймагында өнүгүп жаткан спорттун түрлөрүн тутумдаштыруу жана эсепке алуу үчүн иштелип чыкты жана спорттун түрлөрүнө жана спорттук сабактарга талаптарды, спорттун түрлөрүн жана спорттук сабактарды Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрүнүн жана спорттук сабактарынын улуттук реестрине (мындан ары - Реестр) киргизүү жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосун, ошондой эле Реестрге киргизиле турган маалыматтардын тизмегинин курамына талаптарды аныктайт.
2. Эрежелерде төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
- спорттун түрү - спорттун курамдык бөлүгү, анын негизин спортчунун эң жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетүү максатындагы такай машыгуулары жана мелдештерге катышуулары түзөт;
- спорттук сабак - мелдеш өткөрүлүп жаткан спорттун кайсы бир түрүнүн айрым көнүгүүлөрү же белгилүү көнүгүүлөр комплекси;
- реестр - Кыргыз Республикасынын аймагында өнүккөн спорттун түрлөрү жана спорттук сабактар жөнүндө кагаз жана электрондук түрдө жазылган маалыматтарды камтыган маалыматтык тутум.
3. Спорттун түрү жана спорттук сабак дене тарбиянын жана спорттун (жогорку жетишкендиктердин спортун кошо алганда) максаттарына ылайык келиши, айрым алганда адамдын жөндөмдүүлүгүн дене жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө, анын кыймылдуу активдүүлүгүн өркүндөтүүгө жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга шарт түзүшү керек.
4. Спорттун түрүн жана спорттук сабакты таануу үчүн негиз болуп спорттун түрүнүн айырмаланган белгилеринин болуусу саналат, ага спорттун түрлөрүнүн эрежелери (негизги принциптер), сабактар чөйрөсү, колдонулуучу спорттук шаймандар (коргоочу каражаттарды эсепке албастан) жана жабдуулар, үзгүлтүксүз спорттук мелдештерди өткөрүү кирет.
5. Кайрадан билдирилген спорттун түрүнүн жана спорттук сабактын аталышы Кыргыз Республикасында таанылган спорттун түрлөрүнүн жана спорттук сабактардын аталыштарынан айырмаланып турушу керек жана спорттун түрүнүн эрежелеринин мазмунуна шайкеш келүүгө тийиш.
6. Эгерде билдирилген спорттун түрү боюнча мелдештер спорттук эмес болуп саналса (адам катышпаса, атаандаштык жок болсо, оюнда ставка колдонулса), спорттук мелдештердин эрежелери менен катышуучуларга бирдей шарттар түзүлбөсө, атаандашка карата катаал мамилеге, көрүүчүлөргө сый-урматсыз мамилеге, инсандын ар-намысын жана беделин басмырлоочу ар кандай башка көрүнүштөргө, зомбулукту жана катаалдыкты, социалдык, расалык, улуттук, диний жана башка айырмачылыкты же сабырсыздыкты, басмырлоонун ар кандай формаларын пропагандалоого жол берилсе, спорттун түрү жана спорттук сабак таанылбайт. Машыгууларды өткөрүү шарттары жана мелдештердин эрежелери менен машыгуучулардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жаралбашы керек.
7. Билдирилген спорттун түрүнүн мелдештеринин жана спорттук сабактын эрежелеринин мазмуну (негизги принциптер), сабактар чөйрөсү, колдонулуучу спорттук шаймандар (коргоочу каражаттарды эсепке албастан) жана жабдуулар Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте таанылган мелдештердин эрежелеринин мазмунунан (негизги принциптеринен), сабактар чөйрөсүнөн, спорттун түрлөрүнүн жана спорттук сабактардын колдонулуучу спорттук шаймандарынан жана жабдууларынан айырмаланып турушу керек.
8. Төмөнкү топторго (А, Б, С) кирген спорттун олимпиадалык түрлөрү төмөндөгү критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
а) А тобу:
- дүйнөлүк рейтингде күчтүү 30 өлкөнүн катарына кирет (дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыктары боюнча);
- Азиянын күчтүү 10 өлкөсүнүн катарына кирет (Азия чемпионатынын жыйынтыктары боюнча);
- машыккандардын саны жалпы республика боюнча 8000 адамдан кем эмес: ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 700дөн 1000 адамга чейин;
- ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында спорт объекттеринин болуусу;
- республика боюнча машыктыруучу-окутуучу курамдын саны 65 адамдан кем болбошу керек;
- эл аралык категориядагы 5тен кем эмес калыстардын жана улуттук категориядагы 20 калыстын болушу;
б) В тобу:
- дүйнөлүк рейтингде күчтүү 50 өлкөнүн катарына кирет (дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыктары боюнча);
- Азиянын күчтүү 15 өлкөсүнүн катарына кирет (Азия чемпионатынын жыйынтыктары боюнча);
- машыккандардын саны республика боюнча 5000 адамдан кем эмес: ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 500дөн 700 адамга чейин;
- ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында спорт объекттеринин болуусу;
- республика боюнча машыктыруучу-окутуучу курамдын саны 35 адамдан кем болбошу керек;
- эл аралык категориядагы 2ден кем эмес калыстардын жана улуттук категориядагы 15 калыстын болушу.
А жана В топторунун критерийлерине туура келбеген спорттун түрлөрү С тобуна киргизилет.
9. Топторго (А, Б, С) кирген спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү төмөнкү критерийлерге туура келиши керек:
а) А тобу:
- дүйнөлүк рейтингде күчтүү 15 өлкөнүн катарына кирет (дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыктары боюнча);
- Азиянын күчтүү 6 өлкөсүнүн катарына кирет (Азия чемпионатынын жыйынтыктары боюнча);
- машыккандардын саны республика боюнча 5000 адамдан кем эмес: ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 500дөн 700 адамга чейин;
- ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында спорт объекттеринин болуусу;
- республика боюнча машыктыруучу-окутуучу курамдын саны 35 адамдан кем болбошу керек;
- эл аралык категориядагы 5тен кем эмес калыстардын жана улуттук категориядагы 20 калыстын болушу;
б) В тобу:
- дүйнөлүк рейтингде күчтүү 30 өлкөнүн катарына кирет (дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыктары боюнча);
- Азиянын күчтүү 10 өлкөсүнүн катарына кирет (Азия чемпионатынын жыйынтыктары боюнча);
- машыккандардын саны республика боюнча 3000 адамдан кем эмес: ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 300дөн 500 адамга чейин;
- ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында спорт объекттеринин болуусу;
- республика боюнча машыктыруучу-окутуучу курамдын саны 20 адамдан кем болбошу керек;
- эл аралык категориядагы 2ден кем эмес калыстардын жана улуттук категориядагы 15 калыстын болушу.
А жана В топторунун критерийлерине туура келбеген спорттун түрлөрү С тобуна киргизилет.
10. Спорттун улуттук түрлөрү Реестрге тобун аныктабастан киргизилет.
11. Спорттун түрүн жана спорттук сабакты таануу мүчөлүктүн негизинде түзүлгөн, уставдык максаты Кыргыз Республикасында билдирилген спорттун түрүн жана спорттук сабакты өнүктүрүү болуп саналган коомдук уюмдун арызынын негизинде дене тарбияны жана спортту башкаруунун республикалык мамлекеттик органы (мындан ары - мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Спорттун түрүн жана спорттук сабакты таануу жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:
а) коомдук уюмдун уюштуруу документтеринин жана юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
б) билдирилген спорттун түрүнүн жана спорттук сабактын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эрежелери;
в) билдирилген спорттун түрүнүн жана спорттук сабактын Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө өнүгүшү жөнүндө, кыскача баяндоону, пайда болуу убактысын жана ордун, эл аралык спорттук федерациялардын болушун, Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн мелдештердин санын, спорт чөйрөсүндө коомдук мамилелерге катышкан адамдардын санын, билдирилген спорттун түрүнүн Кыргыз Республикасында өнүгүү келечегин, Реестрге киргизилген, спорттун түрүнүн эрежелеринин (негизги принциптер), таймаш процесси, машыгуу чөйрөсү жана колдонулуучу спорттук шаймандар (коргоочу каражаттарды эсепке албаганда) жана жабдуулар боюнча кыйла жакын спорттун жана спорттук сабактын башка түрлөрүнөн айырмачылыгын камтыган маалымкат;
г) болгон дене тарбия жана спорт объекттеринин, спорттук инвентардын тизмеги, машыктыруучу-окутуучу курамынын тизмеси;
ж) белгиленген тартипте мамлекеттик же расмий тилге күбөлөндүрүлгөн котормосу менен, эл аралык спорттук федерацияга мүчөлүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү (эгерде спорттун түрү эл аралык спорттук федерацияга кирсе);
з) билдирилген спорттун түрүнүн жана спорттук сабактын программасы жана окутуу методикасынын баяндамасы;
и) билдирилген спорттун жана спорттук сабактын түрү боюнча мелдештердин (чемпионаттар, биринчиликтер, республиканын, Азиянын, дүйнөнүн кубогун ойнотуу ж.б.) протоколдорунун көчүрмөлөрү;
к) таймаш процессин чагылдырган мелдештин жүрүшүнүн видео/фотоматериалдары;
л) команданын, спортчулардын дүйнөдөгү жана Азия регионундагы рейтинги жөнүндө маалымат.
13. Спорттун түрүн жана спорттук сабакты таануу жөнүндө арызда ушул спорттун түрүнүн, спорттук сабактын аталышы, спорттун ушул түрү, спорттук сабак менен машыккан спортчулардын жынысы жана курактык тобу көрсөтүлөт.
14. Спорттун түрүн жана спорттук сабакты таануу жөнүндө арыз жана бардык тиркелген документтер мамлекеттик орган тарабынан келип түшкөн күндөн баштап отуз жумуш күнүнүн ичинде каралат.
15. Мамлекеттик органга ушул Эреженин 3-главасынын 12-13-пункттарында каралган документтер берилбеген учурда мамлекеттик орган арыз берүүчүгө бардык берилген документтерди келип түшкөн учурдан баштап отуз календардык күндүн ичинде карабастан кайтарып берет.
16. Спорттун түрүн жана спорттук сабакты таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
а) арыз берүүчү берген, туура эмес же бурмаланган маалыматтарды камтыган документтерди аныктоо;
б) билдирилген спорттун түрүнүн жана спорттук сабактын ушул Эреженин 2-главасынын талаптарына шайкеш келбөөсү;
в) билдирилген спорттук сабактарда мелдештердин жыйынтыктары боюнча байгелүү орундарды ойнотуунун жоктугу.
17. Мамлекеттик орган тарабынан спорттун түрүн, спорттук сабакты таануу жана Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистерди, окумуштууларды тартуу менен комиссия түзүлөт.
18. Комиссия, ушул Эреженин 3-главасынын 12-13-пункттарында каралган, арыз берүүчү берген документтерге талдоо жүргүзөт жана анын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасында тийиштүү спорттун түрүн, спорттук сабакты таануу же таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, ал чечим кабыл алынган күндөн баштап 10 жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик орган тарабынан арыз берүүчүгө жиберилет.
19. Спорттун түрүн, спорттук сабакты таануу жөнүндө чечим мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет.
20. Спорттун түрүн, спорттук сабакты таануудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда жана мындай чечим чыгаруунун себептери жоюлгандан кийин арыз берүүчү ушул Эреженин 3-главасына ылайык спорттун, спорттук сабактын түрүн таануу жөнүндө арызы менен мамлекеттик органга кайрадан кайрылууга укуктуу.
21. Спорттун түрүн, спорттук сабакты таануу жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу үчүн негиз болуп спорттун түрүн, спорттук сабакты өнүктүрүүнүн жыйынтыгында ушул Эреженин 2-главасынын талаптарына туура келбөөсүнүн пайда болуусу саналат.
22. Спорттун түрүн, спорттук сабакты таануу жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет.
23. Реестрдик жазуу төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
а) жазуунун катар номери;
б) спорттун түрүнүн аталышы;
в) спорттун түрүнүн номер-коду;
г) спорттук сабактын аталышы;
д) спорттук сабактын номер-коду;
ж) спорттун түрүнүн тобу.
24. Спорттун түрүнүн, спорттук сабактын номер-коду 8 белгиден турат:
спорттун түрүнүн, спорттук сабактын номер-кодунун биринчи цифрасы спорттун түрүнүн өзгөчөлүктөрүн билдирет:
1 - спорттун олимпиадалык түрлөрү;
2 - спорттун паралимпиадалык түрлөрү;
3 - спорттун сурдлимпиадалык түрлөрү;
4 - спорттун атайын олимпиадалык түрлөрү;
5 - спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү;
6 - спорттун улуттук түрлөрү;
7 - спорттун техникалык жана башка түрлөрү.
Номер-коддун экинчи, үчүнчү цифралары спорттун түрүнүн жекече номерлери болуп саналат.
Спорттун түрүнүн номер-кодундагы төртүнчү, бешинчи цифралар бардык спорттук сабактарды эсепке алуу менен 00 катары белгиленет. Спорттук сабактын номер-кодундагы төртүнчү, бешинчи цифралар спорттун түрүнүн ичиндеги анын жекече номери болуп саналат.
Спорттун түрүнүн, спорттук сабактын номер-кодундагы алтынчы цифра спорттун түрү менен машыгуунун сезондуулугун аныктайт:
1 - спорттун жайкы түрлөрү;
2 - спорттун кышкы түрлөрү;
3 - спорттун сезондон тышкаркы түрлөрү.
Спорттун түрүнүн, спорттук сабактын номер-кодунун жетинчи цифрасы спорттун түрүнүн региондордо жайылуусун аныктайт:
1 - спорттун түрү бир региондо өнүгүп жатат;
2 - спорттун түрү эки региондо өнүгүп жатат;
3 - спорттун түрү үч региондо өнүгүп жатат;
4 - спорттун түрү төрт региондо өнүгүп жатат;
5 - спорттун түрү беш региондо өнүгүп жатат;
6 - спорттун түрү алты региондо өнүгүп жатат;
7 - спорттун түрү жети региондо өнүгүп жатат;
8 - спорттун түрү сегиз региондо өнүгүп жатат;
9 - спорттун түрү тогуз региондо өнүгүп жатат.
Эскертүү: регион - облус жана/же республикалык маанидеги шаар.
Номер-коддун сегизинчи цифрасы спорттун түрү, спорттук сабак менен машыккандардын жынысын жана курактык категориясын аныктайт:
А - эркектер;
Б - аялдар;
В - уландар, кыздар;
Г - өспүрүмдөр (кадеттер);
Д - балдар;
Е - бардык категориялар.
25. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү коомдук уюмдун арызынын негизинде, мамлекеттик органдын демилгеси менен төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
а) спорттун түрүнүн, спорттук сабактын аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө;
б) спорттун түрүнүн эрежелерин өзгөртүүдө;
в) спорттун түрлөрүн, спорттук сабактарды бириктирүүдө;
г) спорттун түрүн, спорттук сабакты бөлүүдө;
д) спорттун түрүн, спорттук сабакты алып салууда.
26. Мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте спорттун түрүн, спорттук сабакты Реестрден чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, мамлекеттик орган бул тууралуу тийиштүү коомдук уюмга бул чечим кабыл алынган учурдан баштап 10 жумуш күнүнүн ичинде кабарлайт.
27. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арызга ушул Эреженин 3-главасынын 12-13-пункттарында каралган документтер тиркелет.
28. Ушул Эреженин 3-главасынын 12-13-пункттарында каралган документтер берилбеген учурда, мамлекеттик орган арыз берүүчүгө бардык берилген документтерди келип түшкөн учурдан баштап отуз жумуш күнүнүн ичинде кароосуз кайтарып берет.
29. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
а) арыз берүүчү берген, так эмес же бурмаланган маалыматтарды камтыган документтерди аныктоо;
б) спорттук сабактарды бириктирүүнүн же бөлүүнүн жыйынтыгында пайда болгон спорттук сабактагы мелдештердин жыйынтыктары боюнча байгелүү орундарды ойнотуунун жоктугу;
в) спорттун бул түрү менен машыккандардын жашоосу жана ден соолугу үчүн кооптуулук пайда болооруна байланыштуу, катышуучулардын курактык тобун өзгөртүүгө жол берилбестик;
г) спорттун түрүнүн, спорттук сабактын олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык, атайын олимпиадалык оюндардын программасында болуусу (тийиштүү коомдук уюмдун демилгеси боюнча спорттун түрүн, спорттук сабакты Реестрден чыгарууга байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн);
д) билдирилген өзгөртүүлөрдүн ушул Эреженин 2-главасынын талаптарына шайкеш келбөөсү (спорттун түрүн, спорттук сабакты Реестрден чыгаруу менен байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн тышкары).
30. Спорттун түрүн Реестрден чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
а) эки жыл аралыгында негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин Календардык планында расмий республикалык спорттук мелдештердин жоктугу;
б) эки жыл аралыгында расмий мелдештердин программаларында спорттук сабактын жоктугу;
в) тийиштүү спорттун түрүн таануу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу.
31. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн баштап отуз жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик орган тарабынан каралат.
32. Комиссия арыз берүүчү берген, ушул Эреженин 3-главасынын 12-13-пункттарында каралган документтерге талдоо жүргүзөт жана анын жыйынтыктары боюнча Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү же Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат, ал чечим кабыл алынган күндөн баштап 10 жумуш күнүнүн ичинде арыз берүүчүгө жөнөтүлөт.
33. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет.