Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 702
"2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында кол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене.
2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндөгү макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, аталган Макулдашуу күчүнө кириш үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу тажик тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|