Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-декабры № 708
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2008-жылдын 8-майы, № 33) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "айылдык округ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "айылдык аймак" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Преамбула күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. 1-беренеде:
аталышындагы "негизги түшүнүктөр" деген сөздөр "түшүнүктөр" деген сөзгө алмаштырылсын;
биринчи абзацтагы "негизги" деген сөз алып салынсын;
төртүнчү, жетинчи жана сегизинчи абзацтардагы "шаар тибиндеги кыштактар", "кыштактарды жана/же" жана "ошондой эле шаар тибиндеги поселок" деген сөздөр алып салынсын;
онунчу абзац күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 1-бап төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн (мындан ары - администрациялык-аймактык түзүлүш) түшүнүгүн, принциптерин, администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүүнүн тартибин, администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүү жана жоюу, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди эсепке алуу жана каттоо маселелерин, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүш менен байланышкан башка маселелерди чечүүдө мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт.".
5. 2-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. 4-беренедеги 1, 3-6-бөлүктөр күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. 5-берененин 3-бөлүгүндөгү ", шаар тибиндеги поселоктор" деген сөздөр алып салынсын.
8. 6-беренеде:
5-бөлүк күчүн жоготту деп эсептелсин;
6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Калкынын саны азыраак, бирок администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган жана келечекте андан аркы экономикалык өнүгүшү жана калктын санынын өсүшү күтүлгөн калктуу конуштар Жогорку Кеңеш аныктаган учурларда тийиштүү маанидеги шаарлар категориясына киргизилиши мүмкүн.";
8-бөлүктөгү "Өзгөчө учурларда" деген сөздөр "Жогорку Кеңеш аныктаган учурларда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Өкмөттүн областтардагы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары
Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана тийиштүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен тиешелүү областтын чектеринде администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборун белгилөө жана көчүрүү, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, аларды атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипциясын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды Өкмөткө киргизет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен областтагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кароосуна тийиштүү райондун чектеринде администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборун белгилөө жана көчүрүү, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, аларды атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипциясын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизет.".
10. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары
Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештери Өкмөттүн кароосуна, ал эми областтык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештери Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кароосуна администрациялык-аймактык бирдиктерди, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектериндеги калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана көчүрүү, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, администрациялык-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипциясын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизишет.
Айылдык кеңештер жергиликтүү коомдоштуктун пикирин эске алуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кароосуна администрациялык-аймактык бирдиктерди, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектериндеги калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана көчүрүү, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, администрациялык-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипциясын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизишет.".
11. 14-беренедеги "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 15-беренеде:
2-бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "кыштактардын же" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 534-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча "шаар тибиндеги поселкалар" деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-статьядагы ", калктуу пункттарга-шаарларга, шаар тибиндеги поселкаларга, айылдарга" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2004-жылдын 31-августу, № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. 1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилеринин жана башка шайлануучу кызмат адамдарынын ишинин укуктук негизи жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусун аныктоочу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар болуп эсептелет.".
3. I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматын уюштуруунун жалпы принциптерин жана муниципалдык кызматчыларынын укуктук абалынын негиздерин белгилейт.".
4. 2-статьяда:
1-бөлүктөгү "аткаруу-тескөө" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "шаарчалардын жана шаарлардын, айыл округдарынын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-бөлүктөгү "(контрактты)" деген сөз алып салынсын.
5. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Муниципалдык кызматтын мыйзамдык негизи жана ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
Кыргыз Республикасындагы муниципалдык кызмат Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык жүзөгө ашырылат.
Муниципалдык кызматчыларга карата ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрү менен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары колдонулат.
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жалпы негиздеринде иши жөнгө салынуучу мамлекеттик кызматчыларга, аскер кызматчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын администрациялык-техникалык персоналына карата ушул Мыйзам колдонулбайт.".
6. 7-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.
7. 20-статьянын 2-бөлүгүндөгү "мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын дагы башка" деген сөздөр алып салынсын.
8. 28-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 32-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2005-жылдын 8-марты, № 20) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "айылдык, шаарчалык, шаардык кеңеште", "алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жергиликтүү кеңеште", "алардын аткаруучу органдарынын" деген сөздөргө тиешелүү түрдө алмаштырылсын.
2. Преамбуласы күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. 1-статьянын аталышындагы "Негизги түшүнүктөр" деген сөздөр "Түшүнүктөр" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам айылдарда, шаарларда түзүлүүчү жамааттарды жана алардын бирикмелерин түзүүнүн жана иштешинин тартибин, принциптерин аныктайт, ошондой эле алардын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасындагы социалдык мобилизациялоону ишке ашыруу үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерди түзүүгө, жамааттарга жана алардын бирикмелерине өз алдынча башкарууга мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө багытталган.".
5. 2-статьянын аталышындагы жана биринчи абзацындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "негизги максаттары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "максаттары" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 4-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, дагы" деген сөздөр алып салынсын.
7. 5-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2002-жылдын 12-июлу, № 52) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "айылдар, шаарчалар жана шаарлар" жана "айылдык, шаарчалык, райондук (шаардык) кеңештердин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы "айылдык аймак жана шаарлар" жана "жергиликтүү кеңештерге" деген сөздөргө тиешелүү түрдө алмаштырылсын.
2. 1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аксакалдар соттору жарандардын, жергиликтүү кеңештердин чогулушунун чечими боюнча айылдык аймактын аймагында аксакалдардан, сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болгон эркектер жана аялдардан уюштурулушу мүмкүн.".
3. 10-статьянын 1-бөлүгүндөгү "айылдарда жана шаарчаларда" деген сөздөр "айылдык аймакта" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 11-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш жергиликтүү кеңештер же алардын аткаруучу органдары тарабынан же болбосо 50 адамдан кем эмес жарандардын демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн. Шайлоо күнү жөнүндө билдирүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бир ай мурун берилет.".
5. 12-статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "райондук (шаардык) кеңештер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жергиликтүү кеңештер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 17-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде аксакалдар соттору ишти кароонун башка ордун аныктабаса, аксакалдар соттору иштерди (материалдарды) жергиликтүү кеңештер же алардын аткаруучу органдары бөлүп берген жайларда карайт.".
7. 18-статьянын 1-бөлүгүнүн а) пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) жергиликтүү кеңештердин же алардын аткаруучу органдарынын сунушу;".
8. 29-статьяда:
1-бөлүктөгү "Айыл же шаарча кеңешинин" деген сөздөр "Айылдык кеңештин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү кеңештин бюджетине" деген сөздөр "айылдык аймактын жергиликтүү бюджетине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 33-статьядагы "тийиштүү айыл өкмөтүнүн, райондук (шаардык) кеңештин" жана "тийиштүү областтык кеңеш менен макулдашылып, айыл өкмөтү, райондук (шаардык) кеңеш" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын" жана "жергиликтүү кеңеш" деген сөздөргө тиешелүү түрдө алмаштырылсын.
10. 36-статьяда "тийиштүү айыл өкмөтүнө, райондук (шаардык) кеңештерге" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 13-статьяда:
биринчи абзацта ", шаар тибиндеги поселоктор" деген сөздөр алып салынсын;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- айылдык аймактын борбору.".
7-берене.
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2007-жылдын 7-августу, № 56) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-статьялары менен толукталсын:
"1-1-статья. Бул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам салттуу билимдер, анын ичинде өлкөнү андан ары туруктуу өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын тарыхый мурасы жана элдин кенчи болуп эсептелген салттуу билимдерди колдонуудан түшкөн пайданы адилеттүү бөлүштүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган генетикалык ресурстарды (мындан ары - салттуу билимдер) пайдалануу менен салттуу билимдер тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерин бекитет.
1-2-статья. Салттуу билимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Салттуу билимдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу катары эсептелген мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
3. 2-статьяда:
биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү коомдоштук - жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги астында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары аркылуу өз алдынча чечүү үчүн кызыкчылыктар менен бириктирилген, өзүнүн улуттук жана маданий салттары, жашоо көнүмдөрү жана адамдын ишмердүүлүгүн ар түрдүү тармактарындагы салттуу билими бар, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн мүмкүн болуучу баалуулукка ээ болгон администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыйындысы;".
4. 4-статьянын экинчи сүйлөмүндөгү "ушул Мыйзамды колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана басып чыгарат" деген сөздөр алып салынсын.
5. 7-статьянын үчүнчү абзацындагы "же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен күчүнө киришинин" деген сөздөр "же Кыргыз Республикасы катышуучу катары эсептелген эл аралык келишимдердин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө киришинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 9-статьянын он бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 11-статьянын биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 19-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.
8-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2000-жылдын 21-январы, № 7-8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1 жана 3-статьялардагы "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр тиешелүү түрдө "жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзам" жана "жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статьянын алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган" деген сөздөр "бул Мыйзамда каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9-берене.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2001-жылдын 19-январы, № 5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. 1-бап төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Бул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам мугалимдин иши менен байланышкан мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктайт, укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерин жөнгө салат жана жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин укуктук абалын сапаттык жактан жакшыртууну камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө жана аларды социалдык жактан коргоо кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган.".
3. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамдар
Мугалимдин статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдан, ушул Мыйзамдан жана мугалимдин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу катары эсептелген мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
4. 7-статьянын 11-бөлүгүндөгү "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү "шаарчаларда" деген сөз алып салынсын, "районго жана областка баш ийген" деген сөздөр "райондук жана областтык маанидеги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 10-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу катары эсептелген мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 12-1 жана 12-2-статьялардагы "аткаруучу-тескөөчү органдарынын сунушу боюнча айылдык округдардын кеңештеринин, поселкалык жана шаардык кеңештердин чечимдери боюнча" жана "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу-тескөөчү органдары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "аткаруучу органдын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен" жана "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11-берене.
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-статьяда "айылдык округ" жана "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органы" деген сөздөр тиешелүү түрдө "айылдык аймак" жана "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 13 жана 14-статьяларда "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органынын" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 21-статьянын 2-бөлүгүндөгү "айылдык округдардын, поселкалардын жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2003-жылдын 13-майы, № 33-34) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
32-берененин 7-бөлүгүндөгү "шаарчаларда" деген сөз "райондук маанидеги шаарларда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|