Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-декабры № 712
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык аймагында жайгашкан жер участокторун которуу жана "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6 жана 384-беренелерине, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 88-б "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө" жана 2013-жылдын 17-майындагы №№ 89-б, 90-б, 91-б, 92-б, 93-б жана 94-б "Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын жерлеринен "Алтынкен" ЖЧКга жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" буйруктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын "Талды-Булак" участогунда жайгашкан, аянты 5,7 га (чабынды) жер участогу "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Алтынкен" ЖЧК) "Талды-Булак Сол жээк" алтын кенинин объектилерин жана курулмаларын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Жер казынасын иштетүү максатында пайдалануу укугуна берилген 2006-жылдын 7-апрелиндеги № 471 АЕ уруксаттаманын колдонуу мөөнөтүнө, ижара келишиминин шарттарында төмөнкү жер участоктору убактылуу пайдаланууга берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык аймагында жайгашкан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер" категориясындагы, аяшы 129,37 га, анын ичинде:
Талды-Булак (11,26 га);
Чым-Булак (118,11 га) участокторундагы жер участоктору;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Алтынкен" ЖЧК менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жер участокторуна ижара келишимдерин түзүүсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын "Алтынкен" ЖЧКнын төлөп берүүсүн.
4. "Алтынкен" ЖЧКга белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
- берилген жер участокторуна экологиялык жана техникалык коопсуздук, жер казынасын сактоо жана пайдалануу бөлүгүндө эксперттик корутундулары бар тиешелүү долбоордук документтерин иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- уруксаттама берилген аянттын жана бөлүнүп берилген жердин чектеринде жумуштарды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын сактоо.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |