Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-декабры № 730
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
“Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (“Эркин Тоо” гезити, 2007-жылдын 4-декабры, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
- үчүнчү абзацтагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленүүчү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын аймагына кайтып келүүгө жана жайгашууга” деген сөздөр “этникалык кыргыздар тарыхый мекенине массалык көчүп келген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“региондук көчүрүү программасы – бул Кыргыз Республикасынын аймагына кайрылмандарды рационалдуу жайгаштыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыгуучу, бекитилүүчү, ишке ашырылуучу жана аларга шарттарды түзүү программасы;
массалык көчүп келүү – бул ар кандай жагдайлардан улам башка мамлекеттердин аймагында калган этникалык кыргыздардын табигый алаамат, бөөдө кырсыктар, аскердик аракеттер жана башка өзгөчө кырдаалдар болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагына туруктуу жашоо үчүн массалык түрдө кайтып келүүсү;”.
2. 6-8-статьялар төмөнкүдөй мазмунда берилсин:
“6-статья. Кайрылмандардын иммиграциясынын квотасын белгилөө
Этникалык кыргыздар массалык көчүп келген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн макулдугу боюнча, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча кайрылмандардын иммиграциясынын квотасы белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминде этникалык кыргыздардын иммиграциясынын квотасы белгиленет, алар көчүп келе турган чет мамлекеттерди көрсөтүү менен үй-бүлөлөрдүн чектик саны, аларды кабыл алуу, жайгаштыруу жана көндүрүү үчүн зарыл болгон иш-чаралар, ошондой эле аларды көчүрүү үчүн сунушталган региондор жана социалдык кепилдиктер тутуму аныкталат.
7-статья. Кайрылман статусун берүү үчүн кайрылуу тартиби жана документтердин тизмеги
Кайрылман статусун берүү жөнүндө адамдардын өтүнүч каты үй-бүлөнүн бойго жеткен мүчөлөрүнүн биринин өзү тарабынан же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берилет.
Өтүнүч кат берүүчү адам же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч каты менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык легалдаштырылган төмөнкүдөй документтерди берет:
- паспорт же аны алмаштырган документ;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- нике тууралуу күбөлүк
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк жок болгон учурда, өтүнүч кат берген адамдын улутун ырастоо үчүн төмөнкү документтердин бири берилет:
- жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, бала асырап алгандардын, бир ата-энеден жана ата-энелери башка ага-инилеринин жана/же эже-карындаштарынын, чоң атасынын, чоң энесинин, неберелеринин) биринин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин никеси тууралуу күбөлүгү;
- алыскы туугандарынын (аталаш ага-инилеринин жана/же эже-карындаштарынын) туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
Кайрылман статусун берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8-статья. Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч катын кароонун тартиби
Өтүнүч катын кароо жана кайрылман статусун берүү же кайрылман статусун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу өтүнүч кат катталган күндөн баштап эки айдын ичинде ишке ашырылат.
Эгерде өтүнүч кат берген адамга кайрылман статусу берилсе, кайрылман статусу анын жубайына жана жашы жете элек балдарына, ошондой эле алар менен чогуу жашаган шартта, анын багуусундагы башка адамдарга да жайылтылат.
Жашы жете элек балдары, жубайы, ошондой эле анын багуусундагы башка адамдар Кыргыз Республикасында ага кошулууга жана кайрылман статусун алууга укуктуу.
Кайрылман статусун алган адамдарга белгиленген үлгүдөгү кайрылман күбөлүгү берилет.
Кайрылман күбөлүгү ким экендигин ырастоочу документ болуп саналып, Кыргыз Республикасынын аймагында турган жери боюнча калкты каттоо органдарында ал адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн каттоо үчүн негиз болот.
Кайрылман күбөлүгүнүн үлгүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет”.
3. 9-статьяда:
-1-бөлүгү жана 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч кат берген чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар, ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөр менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги укуктардан пайдаланышат жана милдеттерди аркалашат. Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндөгү расмий өтүнүч менен кайрылышкан адамдардын убактылуу жайгашуу борборлорундагы жашоо шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Өздөрүн кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүч кат берген, чет өлкөлөрдө жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:”;
- 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- жашаган жери жөнүндө тиешелүү органдарга чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билдирүүгө;
4. 11-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
“11-статья. Кайрылмандардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнүн жана болуусунун тартиби
Кайрылмандардын Кыргыз Республикасына кирүүсүнүн жана болуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”.
5. 12-статьяда:
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“- эгерде алар соттолуп жана эркиндигинен ажыратылган түрдө жазасын өтөп жатса, жаза мөөнөтү аяктаганга чейин.”;
- 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
6. 13-статьянын аталышындагы “Миграция боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр алып салынсын.
7. 14-статья күчүн жоготту деп табылсын.
8. 15-статьяда:
- статьянын аталышы жана 1-бөлүгүнүн биринчи – үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“15-статья. Кайрылмандарга берилүүчү социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер
Мамлекет кайрылмандар үчүн төмөнкү социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилейт:
- Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кирүү үчүн квота бөлүүнү;
- муктаж болгондорго жалпы билим берүүчү орто жана мектепке чейинки мекемелерден орун берүүнү;”;
- жетинчи абзац “медициналык” деген сөздөн мурда “зарыл болгон” деген сөз менен толукталсын.
- 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
“Бажы чек арасы аркылуу этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн эмес, жеке пайдалануу үчүн арналган товарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте бажы алымдарын төлөбөстөн алып өтүлүшү мүмкүн.
Кайрылмандар ишке уруксат албастан эмгектенүүсүн ишке ашырууга укуктуу.”.
9. 16-статья күчүн жоготту деп табылсын.
10. 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“4-глава. Этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын иммиграциясы жаатындагы мамлекеттик саясат”.
11. 17-18-статьялар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“17-статья. Кайрылмандарды социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер менен камсыздоо
Мамлекет кайрылмандарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер менен камсыз кылат.
18-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык региондук көчүрүү программасы боюнча көчүп келген кайрылмандарга турак жай куруу жана жеке көмөкчү чарбасын жүргүзүү үчүн жер участогун бөлүп, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда менчикке өткөрүп берүү менен акысыз, мөөнөтсүз пайдаланууга берет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына көчүп келген кайрылмандарга жеңилдиктерди белгилей алышат.”.
12. 20-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү “коомдук уюмдардын” деген сөздөр “жеке жана юридикалык жактардын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2, 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2000-жылдын 14-июлу, № 57) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
27-статьянын биринчи абзацы “же жарандыгы жок адамдардын” деген сөздөрдөн кийин “кайрылман статусун алган этникалык кыргыздардан тышкары” деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” гезити, 2006-жылдын 20-январы, № 4) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
3-статья төмөнкүдөй мазмундагы з) пункту менен толукталсын:
“з) кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарга.”.
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ