Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-декабры № 733
“БУУнун 1947-жылдын 21-ноябрындагы Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “БУУнун 1947-жылдын 21-ноябрындагы Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- БУУнун 1947-жылдын 21-ноябрындагы Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
БУУнун 1947-жылдын 21-ноябрындагы Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына төмөнкүдөй эскертме менен кошулсун:
“Конвенциянын 19-бөлүмүнүн (b) пунктунда (салык салуудан алып коюу) жана 20-бөлүмүндө (мамлекеттик милдеттерден бошотуу) айтылган артыкчылыктар жана иммунитеттер Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонулбайт”.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги БУУнун 1947-жылдын 21-ноябрындагы Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу грамотаны ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн эскертме менен депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти