Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-январы № 5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 «Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- Эрежелердин мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «квартира» жана «квартиралуу» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы «батир» жана «батирлүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 135-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«135. Көп батирлүү үйдөгү батирлердин жана турак эмес жайлардын ээлерине менчик укугун каттоо укук тастыктоочу документтердин негизинде жүргүзүлөт. Каттоо карточкасы кыймылсыз мүлк бирдиги болуучу ар бир батирге же турак эмес жайга ачылат.
Көп батирлүү үйлөрдөгү батирлерге жана турак эмес жайларга ээлеринин менчик укуктарын каттоо көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жана турак эмес жайдын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү үлүшкө укук жөнүндө маалыматтарды каттоо документтерине милдеттүү киргизүү менен ишке ашырылат. Эгерде жалпы мүлк батирлердин жана турак эмес жайлардын менчик ээлери тарабынан башкарылса, батирлердин жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкүндөгү менчик ээлеринин үлүштөрүнүн өлчөмдөрү турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиги же менчик ээлеринин башка бирикмелери тарабынан, же менчик ээлеринин макулдашуусу менен аныкталат. Мындай учурда каттоо карточкасынын 2-бөлүмүнө турак жайдын менчик ээлеринин шериктештиги же менчик ээлеринин башка бирикмелери, же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилчү менчик ээлеринин тизмесинин же менчик ээлеринин макулдашуусунун негизинде батирдин жана турак эмес жайдын менчик ээсинин жалпы мүлктөгү үлүшү көрсөтүлөт.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 135-1 – 135-4-пункттар менен толукталсын:
«135-1. Жер участок жана көп батирлүү үй ар бөлөк менчик ээлерине таандык болсо, каттоо карточкасы кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигине ачылат.
135-2. Эгер көп батирлүү үйдөгү батирлердин жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы менчигине бак-дарактар да өткөрүп берилсе, каттоо карточкасынын биринчи бөлүмүнө «бак-дарактар» деген белги коюлат.
135-3. Жалпы менчикте турган көп батирлүү үйгө жана жер участогуна ачылган карточканын 2-бөлүмүндө менчик ээлери тууралуу жазуу батирлердин жана турак эмес жайлардын номерлерин саноо түрүндө болууга тийиш, алардын менчик ээлери жалпы пайдаланылуучу жерлерге да жалпы үлүштүк менчиктин катышуучулары болуп эсептелишет.
135-4. Көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогуна укук укукту тастыктоочу документтерди тапшырганда катталат. Көп батирлүү үйдүн жанындагы жер участогуна укукту тастыктоочу документтер жок болсо, үйдүн жанындагы жер участоктун чек арасынын долбоору берилет, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 “Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык аныкталат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев |